Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылды:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 31-июлундагы № 236 "Кыргыз Республикасында нефтини жана жаратылыш газын казып алууну арттыруу жөнүндө " Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 10-январындагы №7 "Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүндө жана Кыргыз Республикасынын башка көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү боюнча чаралар жөнүндө " Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-декабрындагы № 460 "Капиталды жана мүлктөрдү мыйзамдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө " Жарлыгы.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.