Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-майда, Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) кезексиз саммитине катышуу үчүн Стамбул шаарына (Түркия Республикасы) учуп кетти.

 

Кеңешменин жүрүшүндө Газа Секторундагы тынчыбай жаткан кагылышууларга тийиштүү маселелерди талкуулоо пландаштырылууда.

 

ИКУ – ислам мамлекеттеринин эл аралык уюму, өз курамына 57 мүчө-мамлекетти камтыйт. Кыргыз Республикасы 1992-жылдын 1-декабрынан тарта Уюмга мүчө болуп саналат.