- Сабыр байке, бүгүнкү талкууну ЖЭБдеги (ТЭЦ) авария, ЖЭБди реконструкция кылуу үчүн Кытайдан алынган кредит маселесинен баштайлы дегим келип турат. Өзүңүз угуп-көрүп жатсаңыз керек, ЖЭБди оңдоп түзөө үчүн алынган карыздар максатсыз пайдаланылып, жеп-ичкичтердин кулкунуна кирип кеткени белгилүү болгону менен, бийлик башындагылардын кимиси канчадан жегендери ачыкталбай жатпайбы. Өткөн жумада Жогорку Кеңеште катуу ызы-чуу, кызыл-чеке болгонго чейин барышып, эскилер жаңысын, жаңылар эскисин айыптап, экс-президенттин кол тийбестигин алууга чейин сунушталды. Кызматынан ишенбөөчүлүк көрсөтүү аркылуу кол жууган Сапар Исаков кайтадан УКМКга суракка чакырылды. ЖКда бул жума дагы ушул маселе улана турган болуп жатат. Сиздин оюңузду угалычы. Кай тарабынын аргументтери чындыкка жакын, кай тарабын күнөөлүү дейт элеңиз?

 

- ТЭЦ боюнча эле, үстөгүн кошкондо жарым млрд. долларга жакын каражат Кытайга карыз болуп калдык. Бул келечек муундун кешигин жеп, жонуна арткан жүгүбүз. Эми ошол эбегейсиз акча максаттуу пайдаланылып, элдин керегине жумшалса да мейли дейт элек да... Жарымынан көбү уурдалып, бир топ ач көз жетекчилердин кулкунуна кирип кетип атпайбы. Ошого коомчулук, жалпы эле элибиз нааразы болуп, кыжырданып атат. “Тапкыла (!), таап жазасын бергиле, кустургула”- деген талаптар ошон үчүн айтылып атат да.

 

Жаңы президент да апрелде курман болгондордун тууган-туушкандары менен болгон жолугушууда “аягына чыгарам, дос, тууган экенине карабайм”,- дегенин уккансыздар. Ошон үчүн, талаптар катуу коюлгандыктан, мурдагы кездегилердей, күүлдөп барып токтоп, унутуп, унчукпай калмай адатыбыз бузулуп, ызы-чуу болуп, токтобой жатабыз.

 

Сен айткандай, насыя урдалып, желип-ичилип кеткенинен шек деле жок. Конкретно ким уурдаганын айта албай, кыйналып жатышат. Бет тырмаарлык кылып аткандар да ошондон. “Кан-жинин аралаштырып, боктоп салсак, баары бирдей, баары тең ууру деген түшүнүктү орнотсок, кимиси күнөөлүү экенин билбей, мээлери айнып калсын”- деген максат. Так ушул аракетти көрүп жаткандар уурулар экени ачык эле байкалып турат. Эл деген алар ойлогондой маңкурт, келесоо эмес, баарын көрүп турат.

 

- Сапар Исаковдун: “Айтсак, баардык фамилияларды толук айталы, баарына бирдей мамиле болсун, мен августун аягында өкмөт башчылыкка келдим, кышка даярдыкка Сооронбай Жээнбеков жоопкер, ЖЭБдеги авария менен модернизация эки бөлөк каралышы керек, жаңыланган жакта авария болгон жок, авария эски бөлүгүндө болду, ага кышка даярдык көргөндөр жооп бериши керек”,- дегендей сөздөрдү айтып жатат го. Буга кандай дейсиз?

 

- Ооба, модернизация кытайдан карыз алынган акчага жасалып атат. Кышка даярдыкка мамлекеттик казынадан акча бөлүнүп, өкмөт, өкмөттүн алдындагы структуралар, мамлекеттик чарбалар ишке ашырышы керек эле. Ошондуктан, бөлүп караган чындыгында эле чечмелегенге оңтойлуу. Бул жагынан алганда туура эле айтып атат.

 

Бирок Сапар Исаков бул сунушту маселенин түйүнүн чечүү үчүн айткан жери жок да. Ал мындай ойду таңуулагысы бар: “ЖЭБдеги чатак авариядан чыкты, авария модернизацияга тиешеси жок эски бөлүгүндө болду, ал жакка бюджеттен өзүнчө каражат бөлүнгөн, кышка даярдыкты жүргүзүү өкмөттүн иши, Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын август айынын аягына чейин өкмөт башчы болуп иштеп, кышка даярдыкты жүргүзгөн, ошол кишиден сурагыла, ошол киши жооп бериши керек, мен өкмөт башчылыкка августа келгем, мен да тиешелүү жоопкерчиликти моюнга алам, бирок тегиз жоопкерчилик болсун, саясый куугунтук башталып атат!”- деп безилдеп атат.

 

Бул ою менен, “модернизациянын аварияга тиешеси жок, модернизацияны жайына койгула (!), авария кышка даярдыктын начардыгынан чыккан, казынадан бөлүнгөн каражаттар кандай сарпталган, өкмөт кайда караган, өкмөттүн жоопкерчилигин караш керек!”- деп, маселени кабыргасынан коюмуш болуп, модернизация маселесин экинчи планга, көмүскөгө калтыруу аракетин көрүп, ошону менен бирге ошол кездеги өкмөт башчы, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду күнөкөр кылуу, андан кийинки өкмөт башчы катары кошо жоопкер боло калуу менен жоопкерчиликтен кутулуу аракеттерин көрүп жатат.

 

Биринчиден, ЖЭБдеги авариянын аркасы менен ал жактагы коррупциялык схемалар ачылганы анык. Кытайдан алган карыздын да, кышка даярдык үчүн казынадан бөлүнгөн акчанын да желип кеткенин авария ачыктады. Ошондуктан, “ой, авариядан чыкпадыбы, ой, аварияны карабайсыңарбы” деп булгалактатуу менен эч ким азгырылбайт. Бул элдин интелектуалдык потенциалын кемсинтүүгө барабар. Кышка даярдык кандай жүргөнү, ага бөлүнгөн акчанын сарпталышы да каралат. Кытайдан алган карызды ким жегени да каралат.

 

Экинчиден, кытайдан алган карыздын көлөмү, анын үстөгүн кошкондо кайтарып бере турган эбегейсиз көп карыз, ал карыздын мамлекетибиздин экономикасына, келечек муундун тагдырына тийгизген таасири элди катуу түйшөлтүп жаткандыктан бул маселе бир жаңсыл болмоюн коом тынчыбайт. Жегендер аныкталып, кайра кустурулуп, уурдалган каражаттар мамлекетке кайтарылышы керек. Сапар Исаковдун чаташтырып, жоопкерчиликти башка жакка буруу үчүн күйпөлөктөп жатышы, анын тикелей тиешеси бар экенинен гана кабар берип жаткандай.

 

Үчүнчүдөн, Сапар Исаков ойлогондой, авария анан кышка даярдык маселесине эле өзгөчө көңүл бөлүп, крышабыз жылып, модернизацияны таптакыр унутуп койгонубуз деле Сапар Исаковго ал ойлогондой жеңилдик алып келип, жоопкерчиликтен куткарып, күнөөнүн баары Сооронбай Жээнбековго оодарылып кетпейт.

 

Сооронбай Жээнбеков августун аягында президенттик шайлоого катышканына байланыштуу өкмөт башчылыкты өткөрүп берип, шайлоого кетти. Августун аягына чейин кышка даярдык боюнча иш-чараларды өткөрүп, каражатын бөлүп, жыйындарды өткөрүп, тапшырмаларды берип, өз милдетин аткарып келди. Анан ал кызматка келген Сапар Исаков ал ишти улантып, жоопкерчиликти алышы керекпи? Кышка даярдыктын кызуу этабында, сентябрь, октябрь, ноябрь айларында даярдыктардын жүрүшүн көзөмөлдөп, даярдыкты мыкты аяктоого болбойт беле? Модернизациянын акчасына алкымдары ачылган өкмөт башындагылар кышка даярдыкка кызыгып, ЖЭБге бир басып барбай жатса анан кантип нормалдуу кышка даярдык болот? Андыктан кышка дардык боюнча деле күнөөнү Сооронбай Жээнбековго оодара сала албайт. Августан кышка чейин убакыт, каражат жетиштүү болгон. Маселеге көңүл бөлүп, бир басып барып карап койбогон Сапар Исаков эле жоопкер болуп калат. Балким, айрым серепчилер айтып жаткандай, ЖЭБдин модернизациясынан үлкөн каражаттар уурдалып жатканына байланыштуу, “кийин сөзгө калбайын” деп ЖЭБге жолобой жүргөндүктөн, кышка даярдык каралбай калгандыр?

 

Негизи эле авария, кышка даярдык маселесинде шалакылык анан коррупциялык жол менен акча урдоо бар экени шексиз. Бирок кытайдан алган карыздардын жарымынан ашыгынын уурдалышы менен кышка даярдыктагы урдалган акчаны салыштырганга да болбойт. Асман менен жердей... Модернизацияда эбегейсиз чоң акча уурдалып атат. Ошондуктан бул маселе ар дайым көңүл чордонунда кала берет. Бөлүп кароо менен эле Сапар Исаков ойлогондой баары аралашып, элдин башы айланып, маң болуп, күнөөлүлөр аныкталбай калбайт.

 

- Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиктен ажыратуу сунушу айтылды. Ушу маселеге кандай пикирдесиз?

 

- Депутат Искак Масалиев бул ойду бекеринен эле, для “красного словца”, же экс-президентке болгон жеке пикиринен улам айткан жок го. Депутаттар түзгөн комиссиянын корутундусун талкуулоодо, ЖМКларда, соцтармактарда жарыя болгон маалыматтарга таянып, Алмазбек Атамбаев менен Сапар Исаков тымызын коррупциялык схема түзүп, Калиев сыяктууларды шыбагалаш кылып колдонуу аркылуу өлкөгө оор залал тийгизип, модернизацияга алынга карызды уурдашкан деп бүтүм чыгарууга негиз бар.

 

Булар керек болгон учурларда министрлерди, башка кызматкерлерди кызматтан кетирип, керектүүлөрүн дайындашып, керек болсо энергетика министирлигин да жоюп, энергохолдинге айландырышып жиберишкен.

 

Экс-президент өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагынан чыгып, өкмөттүн ыйгарым укуктарын өзүнө ыйгарып алган жагдайлар ачыкталды. Ошол кездеги өкмөт башчыларын керек болгон учурларда гана катыштырып, калган учурларда министрлерге тикелей тапшырма бергени аныкталды.

 

Мамлекеттик жогорку даражадагы кызматкерлердин насыянын кыргыз мамлекетине келтире турган кесепеттери тууралуу кызматтык каттарынын баарын токтотуп, катып алышып, жеке кызыкчылыктарын биринчи планга чыгарып иш жүргүзүшүп, кыргыз мамлекетине өтө ири көлөмдөгү экономикалык зыян алып келгендиктери үчүн, өлкөнүн коопсуздугуна, суверендүүлүгүнө шек келтиргендиктери үчүн кол тийбестиктен ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек!

 

Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ

Булак: “Майдан.kg” гезити