Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, III жана V чакырылыштын депутаты Ахматбек Келдибеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, саясатта чоң кызматта турган адам уккан ушактарын тактоосу же аны укпай коюшу зарыл. Акыркы 6-7 жылда саясатта орду бар, иш билги кишилер куугунтукка дуушар болду. Экс-президент Алмазбек Атамбаев тарыхтан сабак албай, мурдагы жаңылыштыктарды кайра кайталаган.


"Атамбаев менен жолуксам, көзүнө тике карап “Эмне себептен мага мынчалык кыянатчылык кылдың?» деп сурамакмын. Менин жакшылыгымды унутуп, тебелеп-тепсеп, оозго келген сөз менен каалаганына сүйлөө анын укугу эмес. Мага кылынган иштин себебин билгим келет. Мага күнөө койгондордун ишин эл алдында далилдеп берүүгө кудуретим жетет. Мага кыянаттык жасагандарды пенде катары кечирдим", — дейт Келдибеков.


Ал, Атамбаев бийликте турганда соттор бир гана саясий иштерди эмес, экономикалык, чарбалык маселелерди чечүүдө да Ак үйдүн көзүн карап, жооп күтүп калганын белгиледи.

 

Булак: "Марал"