Ачыгын айтуу керек, президенттик тактыга олтургандар бери Сооронбай Жээнбеков элдин жүрөгүндө уюп келген түйүндүү маселелерди кабыргасынан коюп, аларды чечүүгө катуу киришти. Президенттин бул кадамдарын жапырт эл дагы колдоп, “акыры адилеттүүлүк орногон күндөрдү да көрүп калат экенбиз”,- деп көздөрүнөн жаш агып, сүйүнүп жатышат.

 

А бирок, президенттин алгылыктуу иш-аракеттерин Толгонай Стамалиева аттуу өмүрү бир макала жазып көрбөгөн айым жетектеген басма сөз кызматы расмий айтканда президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү жетиштүү чагылдыра албай жатканы эмнеси ия? Колунда баары бар, КТРК баш болуп, “Кабар” агентчилиги ж.б. Учурда экс-президенттин жакын адамдары Сокеге каршы катуу чабуул жасап жатса, Т.Стамалиева баш болуп, КТРК, “Кабары” ж.б. үрүп койгонго жарабайт го чиркин?! Минтип жүрүп кете бере турган болсок, президент маалымат согушунан оной эле утулуп калчудай. А маалымат согушунан утулганың баарынан утулганың эмеспи?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, 09.05.2018-ж.