“Үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштүн башатында турган адам катары бийликтеги кландык башкарууга жол бербейм!”, - деп билдирди   Сооронбай Жээнбеков  Ысык-Көл областынын Тоң районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

“Мен үчүн 2010-жылы үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы чыгып, курман болгон
мекендештеримдин, алардын жакындарынын тагдыры жөн гана сөз эмес. Бул –
менин да кайгым, менин да трагедиям. Ошондуктан, бул теманы саясий
чайкоочулукка айландырууга жол бербейм! Эл тарабынан шайланган президент
катары үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербейм!”, - деп билдирди Мамлекет
башчысы.

Ал үй-бүлөлүк режим жөнүндө айткандан тажабагандар олуттуу бир факторду
эске албай жатышканын, бул – коомчулуктун аң-сезиминдеги артка кайтпас
өзгөрүүлөр экенин белгиледи.

“Биздеги эң чоң жетишкендик – күчтүү жарандык коом. Ачык коомдо эч качан
үй-бүлөлүк, деги эле кландык башкаруга жол берилбейт. Президенттик
кызматтагы менин мамлекеттик ишмердигиме жакындарымдын же туугандарымдын эч
кимиси таасирин тийгизе албайт”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Эскерте кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк жумушчу сапары
менен Ысык-Көл областына барып, анын алкагында Тоң районунун жашоочулары
менен жолугушууда.