Учурунда Бишкек шаарынын мэри болуп, даңкы чыккан Нариман Түлеев эсиңиздерде барбы? Келечеги кең, иш билги саясатчылардын катарында болчу. Бирок, Атамбаевдин бийлиги бул инсанды да катуу сындырып, өзүн темир торго камап, үй-мүлктөрүн тартып алганын кантип унутабыз?
Мына ошол Түлеевге жакында экс-президент Алмазбек Атамбаевден “биргелешип, Сокенин бийлигине каршы күрөшүү” сунушу түшкөнүн эшиттик. Кантип, уялбай ушул сунуш менен кайрылышты? Кечээ эле аны түрмөдө чиритип жок кылгылары келип жатты эле го? Эми түштөн кийин, “биз буюрса жеңсек, мүлктөрүң кайтарылат”- дегендери эмнеси?
АШАнын сунушунан Түлеев сылык баш тартып, “учурунда, мен абактан чыкканда Атамбаевге кайрылып, күнөөсүз камалган саясатчылардан кечирим сурашын талап кылгам, укпай койгон, эми өздөрүнө керек болгондо чуркап барышым керекпи?”- дептир.
“Коррупция”, “Кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу” беренелери менен камалып, 1 млн. доллардай акча каражатын казынага кайтарып жатып кутулган Нариман Түлеев эми саясатка катуу киришип, АШАнын абийирин төгүүгө белсенип турат. Бирок, саясатка аралашып, Сокени колдоп, АШАны ашатуу менен Түлеев чындыгында кыргыз элине кызмат кылууну көздөп жатабы же эски бийлик тартып алган мүлктөрүн кайтарып алууну пландап жатабы? Бул багытта кепти кийинки санда улантабыз..
А.Сартаев, Булак: “Майдан. Kg” гезити