- Сонунбу эже, өкмөт отставкага кетти. Эми кезек парламенттеби?

 

- Азыр кыргыз эли баткактан, сормо саздан чыгышы үчүн бийликтегилерди улам алмаштыра берүү менен эч нерсеге жетпей турганына көзү жетип калды. Жапырт ойлонуп, активдүүлүк менен системаны өзгөртүү жолуна түшүшүбүз керек. Кыргыздын ата-бабадан келе жаткан улуу жолу бар. Жалпы улуу курултай кылып иш билги кыргыздын уул-кыздарын сынактын негизинде журт өзү калыстык менен тандап алышы керек. Антпесе дипломду сатып алган сабатсыз кадр барган жерин жарытмак беле. Азыр жакшылап текшерип көрсө алты жүз долларлык аттиш менен тогуз миң сомдук көчөт сыяктуу буюмдар баардык мекемеден табылат. Себеби, бизде система ошондой түзүлүп, бири-бирине карама-каршы мыйзамдар байлап тушап, коррупцияга кенен жол ачып турат. Алгач министрлер кабинетин калыстык менен тандап алгандан кийин, парламент да таркашы керек. Анткени шайлоо системасы да түп-тамырынан өзгөрүп, ар бир эл өкүлү өз керт башы менен эл алдында жооп бере турган болуусу шарт. Короого бир короо койду сүрүп киргендей жакшы депутаттардын көлөкөсүндө сабатсыз депутаттар келип, өз милдеттерин мамлекеттик номердеги машинада жүрүү деп түшүнүп жатышат. Эгер система өзгөрбөсө, бийликтегилерди баягыдай эле тааныштык, жердештик менен дайындап, парламентти шайлоо системасын оңдобой ошол эле бойдон иштей берсе азыркы келген жаңы эл башчы дагы жөн эле убактысын өткөрүп, көздөгөн максатына жетпей, корупциянын чырмооктой чырмаган туткунунан чыга албай, эл алдында уят болот.

 

- Кызматтан парламенттин ишенимине татый албай кеткен өкмөт башчы Сапар Исаков кандай иштеди?

 

- Сапар Исаков иштешинче иштеди. Жаш болуп, демдүү күчтүүдөй эле иштемиш болуп жаткан. Бирок, ал да кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Барынан кызыгы, азыркы өкмөт анын айрым программаларын ишке ашыраарын айтышты. Анысына караганда Сапар деле жаман иштебеген окшойт деген ойго кептелет экенсиң.

 

- Жаз жаңырган сайын Кыргызстанда революциянын карааны аралайт. “Тигилер чыгат экен. Булар колдойт экен”- деген күбүр-шыбыр кептер айтылат. Бир эмес, эки революцияны баштан кечирдик. Андан не пайда таптык?

 

- Албетте, революциянын да пайдасы болду. Себеби, элибиз саясий жактан такшалды. Ак-караны өз көзү менен көрүп камырдай жуурулду. Бирок, саясатчыларыбыз өспөй, ошол күндөрдөн сабак албай, дагы деле уйкусурап отурганы зээнди кейитет. Эл алда канча алдыга кетти. Элдин деңгээлине чыгып, туура жолго баштап кетчү чыныгы лидер болбосо азыркы бийлик элдин тепсендисинде калышы ыктымал. Президент элдин арасында жүрүп, элдин ойлогонун, заманыбыздагы өзгөрүүнү жон териси менен сезген көрөгөч жана карапайым жигттерди  бийликке алып  келиши керек. Ошондой эле Жээнбеков ойлонуп, алсыз, жалтак, соргок, иштин көзүн билбеген сабатсыз саясатчылардан тез арылышы  керек. Болбосо алар мамлекетибизди чырмооктой тушап тура берет.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg гезити, №15 (352), 25.04.2018-ж.