Жогорку Кеңештин оппозициялык фракцияларына бөлүнгөн эки комитеттин төрагалыгы Ата-Мекенчилердин колуна тийди.
Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалыгына көпчүлүк добуш менен Наталья Никитенко шайланды. Ал эми Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагалыгына Эмил Токтошев бекитилди.
Буга чейин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутаттар аталган эки комитеттин төрагасы болчу. Фракция көпчүлүк коалициянын курамына киргенден кийин оппозициялык фракциялар жетектеген эки комитеттин төрагалары өз ордуларын бошотушкан.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин 9 комитети бар, алардын 7өөсү көпчүлүк коалициясына, 2өөсү оппозициялык блокко бөлүнгөн.