Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын жаңы Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

 

Мамлекет башчысы парламенттин депутаттарын Кыргызстандын жаңы Өкмөтүнүн курамын жана “Ынтымак. Ишеним. Жаратмандык” программасын колдоп бергендери үчүн ыраазычылык билдирип, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жана Өкмөт мүчөлөрүн ант бериши менен куттуктады.

Ал Өкмөт мүчөлөрүнүн мамлекет жана эл алдындагы чоң жоопкерчилигин  баса белгиледи.

 

“Ант – ыйык. Элибиз  эзелтен антты ыйык тутуп, анын маӊызына, жоопкерчилигине, улуулугуна өзгөчө маани берип, касиетин жогору баалап келген. Антты ыйык туткан адам – эч качан коррупция жолуна түшпөйт.  Адамдын оозунан ант чыкканда, жараткандын кулагы ачылат” дейт. Ал эми антты бузуу бүтүндөй бир элдин, бир улуттун намысына шек келтирген жаман жосун катары кабылданган. Өлкөбүздүн эгемен тарыхында сиздерге чейин да өкмөт мүчөлөрү ант беришкен. Берген антын тутпаган, анын жоопкерчилигин түшүнбөгөн адамдардын тагдыры кандай болгонун өзүңүздөр билесиздер. Антыңарга бекем болгула!”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков жана Өкмөт мүчөлөрүн берген антын эч качан бузбоого чакырды.

 

Ал Парламент менен Өкмөткө эриш-аркак жана биримдикте, кыргызстандыктардын кызыкчылыгында иштөөнү каалады.

Мамлекет башчысы бийлик бутактарынын ортосунда биримдик жок болсо, өлкөдө чоң стратегиялык максаттарга жетүү мүмкүн эместигин белгиледи.

“Бизде баардык бийлик бутактары эриш-аркак иштегенге  шарттар бар. Өлкөбүздүн, мамлекетибиздин кызыкчылыгын баарынан жогору койсок, элибиздин жашоо-шартын оӊдой алабыз, бакубат өлкөнү курабыз. “Күч бирдикте” дейт элибиз, ошондуктан бир билек, бир тирек болуп өлкөбүздүн түндүгүн бийик көтөрөлү, Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү!”, - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевич менен бирге Кыргыз Республикасынын  төмөндөгү Өкмөт мүчөлөрү ант беришти:

 

-Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Боронов Кубатбек Айылчиевич;

-Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Разаков Жениш Парпиевич;

-Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аскаров Замирбек Марипбаевич;

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна;

- Өкмөт Аппаратынын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри Мукамбетов Мурат Картайбекович;

- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Джунушалиев Кашкар Астаканович ;

- Кыргыз Республикасынын юстиция министри Абдылдаева Айнур Нуралиевна;

- Кыргыз Республикасынын финансы министри Касымалиев Адылбек Алешович;

- Кыргыз Республикасынын экономика министри Панкратов Олег Михайлович;

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри Мурашев Нурбек Мурпазылжанович;

- Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министри Калилов Жамшитбек Калилович;

- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Мирзахмедов Нурболот Сабиржанович;

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Кудайбердиева Гүлмира Каримовна;

- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Чолпонбаев Космосбек Сариевич;

- Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Жумагулов Султанбек Жумагулович;

- Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Исакунова Таалайкүл Базаркуловна;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Кадыркулов Идрис Анарбаевич;

- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Тердикбаев Эрлис Жекшенович;

- Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Рыскулов Уланбек Дуулатович;

- Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Шаршембиев Бакыт Нурджанович.