Биз мурда эле, коомчулук азыркыдай өң-алакетинен кетип, “кокуй-күн, 37-жыл келиптир, соттордун көмүскө башкаруучусу бар экен”,- дей электе эле, президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манас Матаевич Арабаевдин таасири жөнүндө кеңири сөз кылган болчубуз.

 

Биз биринчи коңгуроо катары, Манас Арабаев коомчулукта репутациясы анча таза эмес судьяларды Жогорку сотко өткөзүүгө катуу жанталашканын жазганбыз. Андан кийин, эл аралык шылуундарды калкалап, алардын маселесин соттордон чечип берүү убадасы менен чуркап жүргөнүн баяндаганбыз. Коомчулук буга анчейин маани берген эмес. Кийин гана, кызы Гулчехранын кызматтан алынганына жаны ачышып чыккан мурунку судья Максуда Оморова Манас Арабаев жөнүндө айтып чыкканда, ызы-чуу түшүп жатып калышты. УКМКда Алмаз Маткасымов деген жигит экөөнүн соттордун үстүнө минип алган жоруктары ошентип, учурда басма сөздө жайнап кетти. Биз президент Жээнбековго кайрылып, сот реформасы Манаска окшогон адамдар турса эч качан ишке ашпастыгын жазганбыз. Бирок, коомчулуктун талабына президент тарабынан бир ооз да сөз чыкпагандыгы таң калыштуу. Же “серый кардинал” Манас Матаевич коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш баштаганын айткандан тажабаган Сооронбай Жээнбековдун да башын айлантып алганбы? Более того, экөө “табакташ” эмеспи, ия? Деги бул адамдын эмне билгени бар? Андан эмнеге эле президент баш болуп баары коркушат! Ал эмне, Жердеги Кудайбы?

 

Булак: “Майдан.kg гезити, №15 (352), 25.04.2018-ж.