Бир кездери Талас облусун Байымбет Мураталиев жетектесе, учурда аталган аймакка анын бир тууган үкасы Марат мырза башчылык кылууда. Биздин сөз ушул темадан башталып, облустагы жазгы талаа иштери, коңшу Казакстан менен болгон абалдан козголуп отуруп, соңу Өмүрбек Бабанов менен жыйынтыкталды.

 

— Марат мырза, Талас облусунан чыккан Жумабековдордун, Айдаралиевдердин, Суваналиевдердин династиясы сыяктуу сиздердин Мураталиевдердин кланы да элге белгилүү. Облустун мурдагы губернатору болгон агаңыз Байымбет Мураталиев, мамлекеттик мүлк фондусунун мурдагы төрагасы, Талас шаарынын экс-мэри сыяктуу кызматтарды ээлеп келишкен бир тууган Мураталиевдер жөнүндө кеп кылсаңыз? Учурда алар кайсы кызматтарда, не иштерди кылышат?

— Сиз белгилеп өткөндөй, бир тууган агам Байымбет Мураталиев союз кезинен бери эле ар кандай жооптуу комсомолдук жана партиялык кызматтарды аркалап, такшалган адам. Кийин Талас облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары, андан соң Талас облусунун губернатору кызматына дайындалган. Учурда айыл чарба министрлигинде ветеринария боюнча бөлүмдү жетектейт. Пенсия курагына барып калгандыктан, быйыл ардактуу эс алууга чыгууну пландап жатат. Агамдын улуу баласы Бакыт Мураталиев узак жылдардан бери мамлекеттик мүлк фондусунда катардагы кызматкерден баштап төраганын орун басары кызматына чейин жеткен. Учурда убактылуу бош. Агамдын кичүү уулу Чыңгыз Мураталиев кесиби боюнча юрист. Мен өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалып келгенден кийин Чыңгыз өз ыктыяры менен Талас шаарынын 1-вице-мэри кызматын тапшырып берген. Андыктан, сиз айткандай “Мураталиевдердин кланы” деле жок. Болгону ар бири убагында өз тармагы боюнча иштеп, элге кызмат кылууга аракет кылды.

— Дегеле аке-үкө, ата-бала Мураталиевдердин кызматтык карьерасынын өсүшүнө кимдердин таасири көп болду? Сиздердин кланды бийликтен убагында кимдер жөлөп-таяп жүрдү?

— Эч кимдин таасири болгон жок. Биз карапайым эле үй-бүлөдө чоңойгонбуз. Ата-энебиз бизди ар дайым “элге кызмат кылгыла, атанын уулу болгула” деп тарбиялап келген. Эгерде биз бири-бирибизди жөлөп-таяп жүргөн болсок, анда агам Байымбет Мураталиев губернатор болуп турган кезде иниси катары мени жок дегенде облустук бир мекемеге башчы кылып дайындап коймок да. Бирок, андай болгон жок. Агам губернатор кезде деле мен жеке ишкер катары өз иштерим менен эле алек болдум. Албетте, бир тууган катары бири-бирибизди колдоп турабыз. Бирок, кызмат маселесине келгенде Мураталиевдер биринин ишине бири эч убакта кийлигишкен эмес. Айрымдар “бийликте иштегендердин жогору жакта жөлөп-таяган адамы болот” деп ойлошот экен. Балким андайлар да бар чыгаар. Бирок, мен ар дайым өзүмө жана элиме гана таянып келем. Кудай насип кылган экен, өлкө жетекчилеринин, элимдин ишеничи менен бул кызматка келип калдым.

— Жазгы айдап-себүү өнөктүгү боюнча иштер кандай жүрүп жатат? Төөбуурчактын учурдагы баасы менен быйылкы жылдын эсебинен эгилчү аянты кыскарган жокпу?

— “Жаз жарыш, күз күрөш” демекчи, быйылкы жылы облус боюнча 84023 гектар жер аянтына айыл чарба өсүмдүктөрү себилүүсү пландалган. Учурда облустун баардык аймактарында жазгы айдап-себүү иштери кызуу жүрүүдө. Тактап айтканда, 2311 гектар жер аянты айдалып-себилүүдө. Мунун ичинен кылкандуу дан эгиндер 583, көп жылдык чөп 807, кант кызылчасы 110 гектар жер аянтына себилди. Ал эми төөбуурчак быйылкы жылы 55716 гектар жерге себилүүсү күтүлүүдө. Былтыркы жылга салыштырмалуу 880 гектарга көп себилди. Төөбуурчак боюнча ачык айтканда, Талас облусунда монокультурага айланып калды. Анткени, баасы сортуна жараша бир килограммы 60-80 сомго чейин болууда. Андыктан, төөбуурчактын аянтын азайтуу максатында дыйкандарыбызга башка айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоону сунуштап жатабыз. Өткөн жылы дыйкандарыбыз кант кызылчасын айдап башташты. Жыйынтыктары жаман эмес. Сатып өткөрүүдө да эч кандай маселе жаралган жок. Ошондой эле алманын тез жетилүүчү карлик сортторун тигүү жагы да дыйкандарыбызды кызыктырууда. Бакай-Ата районунда кара өрүк райондун брендине айланып, көпчүлүктүн кызыгуусун арттырууда. Менимче, бара-бара төөбуурчак калат. Анткени, жогоруда аталган кант кызылчасы, алма бак, кара өрүк тигүү алда канча пайдалуу экенин дыйкандарыбыз сезе баштады.

— Талас облусу коңшу Казакстан менен эзелтен тиричилик, соода-сатык кылган жагынан эриш-аркак катташып, иштешип келесиздер. Өткөн жылдагы Атамбаевдин Нурсултан Назарбаевге карата “муш кезөөсүнөн” кийин кырдаал тескери жагына өзгөргөн жокпу? Азыр кошуналар менен болгон мамилеңиздер кандай?

— Ооба, Талас облусу Казакстандын Жамбул облусу менен чектешет. Эки эгиз эл эзелтеден кою короолош, жылкысы аралаш ынтымак-ырашкерликте жашап келишкен. Азыр да эки элдин ынтымагы бекем. Тараз шаарынын элин Талас облусунун дыйкандары жер-жемиштер, айыл чарба продукциялары менен камсыз кылып, кайра өздөрүнө керектүү буюм-тайымдарын ал жактан алып келишет. Башкача айтканда, казактар менен базарыбыз да, мазарыбыз да бир. Тууганча катташып турабыз. Биздин дыйкандар ишкерлер менен бирдикте Тараз шаарына барып, атайын көргөзмө уюштуруп келгенбиз. Ошондой эле маданият жагынан да байланышта болуп, казак туугандар “Достукта жок чек ара” деген фестивалы менен Талас шаарына келип, өз өнөрлөрүн тартуулап кетишти. Биздин Талас облусунун маданият кызматкерлери да ага жооп кылып Тараз шаарында фестиваль өткөрүп кайтышты. Кыскасын айтканда, эки элдин бир туугандык карым-катнашы абдан жакшы уланып жатат. Соода-сатык жагын мындан да күчөтүү максатында чек арага соода комплексин курууну пландаштырып жатабыз. Ал үчүн атайын 50 гектар жер да бөлүнүп берилип, трансформацияланды. Кудай кааласа, бул пландарыбыз ишке ашса, миңдеген адамдар жумуш орду менен камсыз болуп, дыйкандарыбыз Тараз шаарына барбай эле продукцияларын ушул жерден сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары жер-жемиштерди узак мөөнөткө сактоо максатында чек арга жакын аймакка логистикалык борбор курууну да пландаштырып жатабыз. Экс-президентибиздин ачуу кебинен кийин казак тараптан чек арадан өтүү кыйындаганын элдин баары жакшы билет. Бирок, мындай пикир келишпестиктер узакка созулган жок. Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун Нурсултан Назарбаев менен алгачкы жолугушуусунан кийин чек арадагы маселе оң жагына чечилген. Жогоруда айтып өткөндөй, учурда эч кандай пикир келишпестиктер жана тоскоолдуктар жок.

— Өмүрбек Бабановдун Талас облусу боюнча он миңдеген колдоочулары бар экени белгилүү. Аймактагы элдин азыркы бийликке болгон көз карашы кандай? Баса, өлкөдөн шайлоочуларын таштап алып баса берген Бабановдун кадамын кичи мекениндегилер кандай баалап жатышат?

— Шайлоо өттү. Эл өзүнүн тандоосун жасады. Өмүрбек Бабанов шайлоодо жеңилди. Бул мыйзамченемдүү эле көрүнүш. Ал үчүн алакандай кыргыз эли экиге же дубан-дубанга бөлүнүп калбашы керек да. Кудайга шүгүр, Талас эли азыр президентибиз Сооронбай Жээнбековдун саясатын колдоп, “Региондорду өнүктүрүү” жылында билек түрүнө иштеп жаткан кези. Талас облусу боюнча жарыктандыруу маселесин толук түрдө ишке ашырып, учурда жашылдандыруу маселесине олуттуу көңүл буруп жатабыз. Жаңы жумушчу орундарды түзүү максатында Бакай-Ата районунда кант заводун ачуу, Манас районунда жер-жемиштерди сактоочу логистикалык борборлорду куруу, Талас районунда эт өндүрүүчү ишкана ачуу, Талас шаарындагы картошканы кайра иштетүүчү заводду профилин өзгөртүп ишке берүү боюнча пландарыбыз бар. Талас шаарында филармония катары курулушу башталып, кийин колдон-колго өтүп кеткен көлөмдүү имаратыбыз бар. Соттошуп жүрүп акыры кайра муниципалдык менчикке кайтарып алдык. Ушул имаратыбызды бүтүп, Талас шаарындагы бир нече мекемени көчүрүп барып “бирдиктүү терезе” ачсак деген пландарыбыз бар. Эгер бул оюбуз ишке ашып калса, мекемелерден бошогон имараттарга бала бакчалар ачылса, Талас шаарындагы бала бакча жетишсиздиги жоюлат.

Мындан тышкары, туризм багытында “Манас Ордо” комплексине кошумча имараттарды куруп, 3000 түп ак кайың тигип, жеке ишкерлердин жардамы менен заманбап мейманканаларды куруу жагы да каралууда. Башкача айтканда, “Манас Ордо” комплексинин инфраструктурасын жаңыртып, кошумча имараттарды куруу боюнча изги тилегибиз бар. Ал эми Өмүрбек Бабановдун шайлоочуларын таштап, чет өлкөгө чыгып кеткени боюнча эч нерсе айта албайм. Анткени, ал өзүнүн жеке иши. Эл ал жөнүндө кандай пикирде болуп жатканына кызыккан эмесмин.

 Калыгул Бейшекеев   

Булак: Азия ньюс