Сапар Исаков "Апрель" телеканалына (экс-президент Алмазбек Атамбаевге таандык) түз эфирге чыкты.
Анда, өкмөт башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу принципсиз парламент жана кубулма депутаттар тууралуу оюн ортого салды.
"Парламент өкмөттү кетирүү чечимин кабыл алгандан кийин аны президент карайт. Конституция боюнча президентте парламенттин чечимин кабыл алуу, же четке кагуу укугу бар. Сооронбай Шарипович кабыл алды. Демек, мындан аркы жоопкерчилик президенттин моюнунда. Бул балким, жакшыдыр, баарын убакыт көрсөтөт", - деген Исаковдун президентке болгон таарынычы байкалды.
Ал ошондой эле аз күн мурда отчетун кабыл алып, андан кийин жалпы агымга кошулуп, ишеним көрсөтпөй койгон айрым фракциялардын депутаттарына ич күптүсүн чыгарган:
"Парламент саясий өлүккө айланып баратат. Катуу айтып койдум окшойт, бирок чынында ушундай. Адамда, саясатчы принцип деген болушу керек да. Эмне себептен аз убакытта мындай күтүүсүз позициялар өзгөрүп кеткенине түшүнбөй да калдым", - деген Исаков.