Бишкек ЖЭБди модернизациялоо долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча кармалган Айбек Калиев тергөө аяктаганга чейин камакта болот.
Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин ("коррупция") 1-бөлүгү боюнча күнөөлөнүп жаткан "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурунку төрагасы Айбек Калиевге айыбы угузулду.
Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, тергөө иштери аягына чыкканга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат.