Бүгүн түштөн кийин Жогорку Кеңеш өкмөт башчылыгына талапкерди карашат. Көпчүлүк коалиция премьер-министрдин бош калган орунуна талапкерди сунушташат.
Бул тууралуу КСДПнын лидери Иса Өмүркулов маалымат каражаттарына билдирди.
Айтымында, бул сапар депутаттар өкмөт башчылыгына экономиканы жакшы түшүнгөн адамдын келүүсүнө кызыкдар болуп турушат. Ал эми ушул убакка чейин коомчулуктагы "Сапар Исаков кетсе, ордуна Мухамедкалый Абылгазиев (учурда президенттик аппараттын жетекчиси) келет" деген маалыматтарды жокко чыгарды.