Кыргызстандын Конституциясы боюнча эми Сапар Исаковдун премьер-министрлик тагдырына чекитти президент Сооронбай Жээнбеков коет. 

 

Жогорку Кеңеш бүгүн өздөрү айтмакчы "тарыхый чечимди" кабыл алышып, 102 депутаттын макулдугу менен Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө жарыяланды. 

 

Кыргызстандын Конституциясына ылайык, эми Жогорку Кеңештин чечими президент Сооронбай Жээнбековго жиберилет. Мамлекет башчы Конституциядагы укугуна таянып, окуянын кандай өөрчүшүн чечет. 

 

Конституциядагы 85-беренеде "Жогорку Кеңештин өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечиминен кийин президент же өкмөттү оставкага кетирүү, же Жогорку Кеңештин чечимине макул болбоо укугуна ээ" деп жазылып турат. Ушул эле берененин 7-бөлүгүндө "Президент Жогорку Кеңештин чечимине макул болбогондон кийин парламент 3 айдын ичинде кайрадан өкмөткө ишеним көрсөтпөгөнүн жарыяласа, анда президент өкмөттү отставкага кетирет" деп белгиленген. 

 

40 жаштын кырындагы жаш өкмөт башчынын карьерасындагы орчундуу окуянын жүрүшү мындан ары Сооронбай Жээнбековдун чечимине көз каранды.