Бул инсан бүгүнкү өкмөт курамындагы гана эмес, жаш муундар арасындагы идиректүү, жаштык жигер менен тажрыйбаны, билимди айкалыштыра жүргөн, замандын талабынан артка калбаган ишбилги ишмер экендиги ырас. Мамлекеттик кызматка жаңыдан кирише баштагандан ушул кезге чейинки кадамдары көз алдынан өткөн бул чыйрак чиновникке карай айтылуу Бейшен Болотбеков баштаган үлкөндөр жогору баасын бергени бар. Мындай инсан менен биз учур кырдаалынан кеп козгодук.    

 

— Дайыр мырза, буга чейин алакандай облустун түйшүгүнө малынып жүрсөңүз, азыр жоопкерчиликтүү кызматты тарта албай, кыйналып жаткан жоксузбу? Азыркы өкмөткө карай негиздүү да, негизсиз да айтылган сындардан улам ушундай ойго токтолуп турам…

— Эгерде иштин көзүн билбесең, сиз айтмакчы, алакандай облус эмес, бир айыл өкмөттү башкаруу да оңойго турбайт. Ал эми иштин көзүн билип, тажрыйбасы, билими жана мекенге болгон сүйүүсү артып турган жетекчиге мамлекетке кызмат кылуу анчейин кыйынчылык туудурбайт. Мисалы, губернатор болуп турган кезимде Талас облусун өнүктүрүү үчүн бир топ алгылыктуу иштер аткарылып, инвесторлорду тартуу жагынан да жакшы жетишкендиктерге жетиштик. “Ааламга кетчү жол айылдан башталат” демекчи, бир облустун оорун колдон, жеңилин жерден алып, колумдан келишинче жакшы иштегенге аракет кылдым. Облустагы бир катар көйгөйлөрдү өз учурунда чечип, Талас элинин колдоосун алдым деп ойлойм. Мен борбордо жакшы жумушта иштеп жүргөнүмдө, Талас облусуна губернатордун 1-орун басары болуп иштөө сунушу түшкөн. Ал сунушка мен ойлонбой туруп макулдугумду бергем. Себеби, кичи мекениме барып ак кызмат кылуу чоң сыймык болду. Үзүрлүү эмгегимдин акыбети кайтып, кийин губернатор болууга жетиштим. Албетте, мындай ийгиликтин артында кажыбас эмгек турарын айта кетпесем болбойт. Ал эми өкмөттүн ишине келсек, албетте, кемчиликтер болбой койбойт. Бирок, ошол кемчиликти туура кабыл алып, алдыга карай кадамды таштап жатабыз. Учурда жакшы максаттарды алдыга коюп, өлкөбүзгө ийгилик алып келе турган бир топ маселелердин үстүндө кызуу иштөөдөбүз. Буга дейре губернатор болуп, бир облустун түйшүгүн артып, аны чече билгеним мага чоң сабак болду. Андыктан, азыркы кызматым кыйынчылык туудурган жок. Буга чейинки алган тажрыйбамдын негизинде болгон аракетимди жумшоодомун. Ошого жараша алдыга карай жылыштар болуп жатат.

 

— Жакында сиз Казакстанга барып, Нурсултан Назарбаевге акараат келтирип, жагымсыз кадамдарга барганыңыз боюнча маалыматтар чыгып кетти. Бул боюнча үн катып койбойсузбу?

— Ооба, жакында эле президентибиз Сооронбай Шариповичти коштоп Казакстанга барып келдик. Эки тараптуу жолугушуунун негизинде бир катар документтерге кол коюлуп, бир топ маселелер чечилди. Президентибиз Сооронбай Шариповичтин бул сапарынын алкагында чечилген жана жаңы түзүлгөн келишимдердин натыйжасы жакында өз жемишин берип, эки тараптуу кызматташууну, боордош эки элдин ынтымагын арттырат. Мындайча айтканда, бул сапар ийгиликтүү болду. Ал эми менин дарегиме орунсуз айтылган сынга маани берип, териккен деле жокмун. Бул жөн гана ушак, башкача айтканда, кара пиар. Мындай ыплас, жийиркеничтүү ушактарды ичи тар бузукулар чыгарып жатышса керек.

 

— Өкмөт башчынын орун басары катары соңку убакта сиздин өлкөбүздүн ички аймактарын аралап, эл кыдырганыңызга караганда, чет өлкөлөргө иш сапарларга чыгып, чабагандаганыңыз көп байкалчу болду го?

— Тескерисинче, чет өлкөлөргө караганда, өлкөбүздүн ички аймактарына көбүрөөк чыгып жатам. Эми мындай да, менин вице-премьер-министр катары өзүмө жүктөлгөн милдеттерим бар. Ошол мага тиешелүү тармактарды өнүктүрүүдө жана тапшырмаларды өз убагында чечүү үчүн ушундай кадамга барып жатам. Күнү кечке иш бөлмөмдө кагазга көмүлүп отурганча, аймактарды кыдырып, эл менен жолугуп, карапайым калктын көйгөйлөрүн өз ооздорунан угуп, элге жакын болгон менимче, жаман көрүнүш эмес. Элге жакын болуп, эл менен жапатырмак эмгек кылсаң, арышың батыраак артат эмеспи. Анүстүнө жергиликтүү жетекчилердин берилген тапшырманы өз убагында аяктап, так жана таза иштөөсүнө өбөлгө түзүлүп жатпайбы. “Вице-премьер өзү келип текшерет экен, андыктан таза иштейин” деп эффективдүү иштешет. Ооба, жумушума байланыштуу чет өлкөлөргө расмий сапарларга чыгууга туура келет. Маселен, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча өкмөт аралык комиссия бар, анда мен төрагалык кылам. Ал жолугушууда Душанбе шаарында 17 тармактан турган протоколго кол койдук. Анын ичинде жылдап чечилбей келе жаткан чек ара маселелери дагы бар. Акыркы АКШга болгон сапар алкагында Нью-Йорк шаарында жайгашкан БУУнун трибунасында жалпы кыргыз элинин жүрөгүндө жашап келген кайрылуу жолдодум. Кыргызстан керемет табиятыбыз жана мөлтүрөгөн сууларыбыз менен бай экенибиз талашсыз. Тилекке каршы, сууларыбыз экономикабызды көтөрүүгө анчейин колдонулуп жаткан жок. Ал жерде “суу туруктуу өнүгүү үчүн” аттуу жогорку деӊгээлдеги эл аралык декаданы ишке киргизүү иш-чарасы болуп өттү. Суу ресурстарынын чектелиши сууну экономикалык ресурс катары кабыл алууга алып келерин, буга байланыштуу өлкөлөр бүгүндөн тартып бул жааттагы артыкчылыктуу багыттарды аныктап алуу зарылдыгын белгилеп, суу энергетика чөйрөсүндө өз ара пайдалуу кызматташуунун экономикалык механизмдерин иштеп чыгууну баштоо сунуш кылынды. Мындан тышкары, ГЭСтерди куруу долбоорлорун жүзөгө ашыруу менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн гидроэнергетикалык керектөөсүн толук камсыз кылып, ошону менен бирге аймактын туруктуу өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледим. Кудай буюруп, бул көтөрүлгөн маселелер колдоо таап, ийгиликтүү ишке ашып кала турган болсо, биздин сууларыбыз, экономикабыздын өсүшүнүн бир булагы болуп калат. Мен муну менен чет өлкөлөргө эс алуу үчүн эмес, Кыргызстаныбызга пайда алып келейин деген тилек менен чыгып жатканымды айткым келди. Мындан тышкары, президентибиз Сооронбай Шариповичтин жарлыгына ылайык 2018-жылды “Элетти өнүктүрүү жылы” деп жарыялаганына байланыштуу өкмөт ыкчам түрдө бул багытта жаңы программалардын үстүндө иштеп жатабыз.

 

— Губернаторлуктан вице-премьерликке секирик жасаганыңызда спикер Дастан Жумабеков экөөңүздөргө карата жердешчилик салтты катуу карманган таластыктар нааразы болгондой түр көрсөтүштү эле. Мындай кадамыңызга жеке өзүңүз кандай сүртүм берет элеңиз?

— “Убакыт баарына тараза” демекчи, убакыт баарын өз ордуна койду. “Таластыктар” деп жалпы Талас элинин атын атоого болбойт. Ал бир ууч топтун нааразычылыгы болушу мүмкүн. Тескерисинче, Талас эли “биздин эки жаш жигитибиз ушундай деңгээлге жетишти” деп сыймыктануу менен айтып жүрүшөт. Мисалы, Дастан Жумабеков кыргыз тарыхында эң жаш спикер катары жазылып калары талашсыз. Ал Жогорку Кеңештин төрагасы болгонго чейин эле шайланып келген округу менен тыгыз байланышта болуп, шайлоочуларына жакын боло бир топ жакшы иштерди аткарып келген. Мекенибизге болгон сүйүүбүз, ак кызматыбыз бизди карьералык жогору секирик жасоого түрткү бергенин ачык айтышыбыз керек. Биздин Талас элине болгон сый-урматыбызды, ак кызматыбызды эске алуу менен таластык жердештерибиз азыр да бизди колдоп, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуп келишет. Мындан саясат издөөгө эч кандай негиз жок.

 

— Жакында эле 7-апрель ыңкылабын эскерүү күнү болуп өтпөдүбү. Ал күндү сиз кандай эстейсиз?

— Бул күндү жүрөгүм сыздап, көзүмө жаш алуу менен эстейм. Ал күнү биз дагы үй-бүлөлүк, кландык режимге каршы чыкканбыз. Үй-бүлөлүк режимди кулатууда ошол учурда биз бир топ балдар болуп кыймыл түзүп, элдик кошуундарды жетектеп, мародерлорго, реваншистерге каршы иштегенбиз жана туруктуулукту орнотууга өз салымыбызды кошконбуз. Ошол кездеги Маевкадагы, андан сон Ош окуяларына кайдыгер карабай тынчтык алып келүү миссиясын жасап, окуяларга активдүү катышканыбыз эсимде. Өкүнгөнүм, кыргыздын бычакка сап уулдары канкор бийликтин огунан каза тапканы. Албетте, алардын жаркын элестери биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.

Булак: Азия Ньюс