- Президенттин Түркияга болгон иш сапарында Эрдоган “гүленчилер” маселесин козгоду. Сооронбай Жээнбеков бул маселе боюнча кандай жооп кайтарса солгундаган мамилени жакшыртат?

 

 

 

- “Гүленчилер” дегенге түшүнбөйм. Анын окуусунда кыргызга каршы бирдеме барбы? Башка маселе: кыргыз “гүленчилер” деген терминди тааныбай койсо экономикалык же моралдык запкы жеши мүмкүнбү? Үчүнчү маселе: Эрдогандын ашкере кеткен авторитардык жана селдебай багытындагы таңуулоолорун сыпайы четке кагып, куржалак “достук” деген былжырагына жетеленбей, маселенин чарбалык-экономикалык жагына көбүрөөк басым жасаганга умтулганы жөн. Андыктан, резюме катары: Эрдоганга жакпаса Гүленди уруп ойнобош керек, бирок “гүленчи” делген окуу жайларды жаптыргысы келип жаткан Эрдоганга так ошо деңгээлдеги окуу жайларын камсыз кылып берем дегендей убадасын алсын. Үйгө келгенден кийин түркий окуу жайларынын окутуу ыкмаларын тыкыр текшерип, түрк багытында эмес, аалам чегиндеги баалуулуктарга баш койуш керек. Көмүскө Гүленден көрө, реалдуу Эрдоган кыргыз кызыкчылыгына чыпкаланып алынса дурус.

 

 

 

Чынайым Кутманалиева, Булак: “Майдан. kg” гезити