"Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев, Сапар Исаков башында турган өкмөттү отставкага кетирүү керектигин айтып чыкты.
Эл өкүлү мындай пикирин, Сапар Исаковдун премьер-министр катары саясаты ишке ашпай калганы менен байланыштырды. Депутат, Исаковдун "Жаңы доорго кырк кадамы" артка кеткенин, премьер-министр кадр саясаты менен гана алышып калганын, ал эми "Liglass" жана "Huawei" компаниялары боюнча өкмөттүн инвестициялык аброюна доо кеткенин айтып чыкты. «Бул өкмөт башчынын жоопкерчилиги эмеспи?» -деди ал.
Эскерте кетсек, буга чейин Зулушев "өкмөт банкрот болду" деген сындарды айтып келген.