Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев ооруусуна байланыштуу текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу анын тарапташтары «фейсбук» баракчасына жазышты.
Маалыматка ылайык, Өмүрбек Текебаев бүгүн кардиология борборунан текшерүүдөн өтөт. Экс-депутат ооруканада жатып дарыланабы же кайра колонияга алынып барабы дарыгерлердин чыгарган бүтүмүнө байланыштуу болот.
Эскерте кетсек, Текебаев ушул жылдын 16-августунда Биринчи май райондук соту тарабынан күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылган болчу.