Белгилүү саясатчы, Ата-Мекен пратиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ушул кезде Бишкектеги №47-колонияда кармалууда. Кесиптештеринин айтымында Текебаев камерада жалгыз отурат, жана ал жака  камера орнотулган.

 

 

Жогорку Кеңештеги айрым Ата-Мекенчилер Текебаевге моралдык  кысым көрсөтүлүп, укугу тебеленип жатканын айтып чыгышты.  

Өз кезегинде, укук коргоо мекеме кызматкерлери мындай абалды саясатчынын коопсуздугу үчүн жасалып жатканы менен байланыштырышууда.

 

 

Белгилей кетсек, кечээ, жакында эле Өмүрбек Текебаевдин арылануусуна мүмкүнчүлүк ьерүүнү суранып, Абдыганы Эркебаевге окшогон  өлкөдөгү бир топ адамдар президентке кайрылуу жолдошкон болчу. Анткен менен, бийлик тараптан азырынча ага эч кандай жооп боло элек.