Акыркы учурда  "Кыргыз темир жолу"  ишканасынын айланасында чуу токтобой келет. Андагы коррупциялык иштер тууралуу Парламентте байма бай айтылууда. Белгилей кетсек, буга чейин андагы коррупция иштерин далилдеген документтер УКМКга берилгени маалым болгон.

 

Мындан тышкары кечээ жакында дагы,  бул мекеменин 45 миллион сом өлчөмүндөгү бюджетке келтирген зыянын аныктаган документтер  аталган укук коргоо органдарына тапшырылган. Бирок ага карабастан, Темир жолдун башчысы Алмазбек  Ногойбаевдин кылы кыйшайган жок.

 

Тескерисинче, Жогорку Кеңештин кечээги жыйынында, айрым депутаттар Ногойбаев текшерүүлөргө тоскоолдук жаратып, каржы полициясынын өкүлдөрүн имаратка иргизбей, кууп чыкканын  айтып чыгышкан. Өз кезегинде Ногойбаев муну четке кагууда.

 

Тактай кетсек, Алмазбек Ногойбаевди ошол эле Жогорку Кеңештин айрым депутаттары калкалап жатканын, «фейсбук» социалдык тармактын  колдонуучулары жазып чыгышкан. Алардын арасында КСДПнын лидери Иса Өмүркуловдун бар экендиги  дагы айтылууда.