- Сабыр байке, бүгүнкү күндүн жаңылыгы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясый айдыңга кайтып келиши болуп жатпайбы. Көптөн күткөн КСДПнын сьезди болду, төрага шайланды. Ушул окуянын өлкөдөгү саясый кырдаалга таасири кандай болот деген ойдосуз? Жана ошондой эле бул сьезд буга чейин “башкаруучу партия” аталып келген КСДПга эмне табыш, эмне жоготууларды алып келди?

 

 

- Кыргыз коомчулугунун бүйүрүн көптөн бери кызытып келген маселе эле, ушу, качан сьезд болот? Сьезде эмне болот? Эски башчы менен жаңы башчы кантет?  Кагылышабы(?), деп күн кечирип келсек, эми анын баары артта калды. Эски, жаңы башчылар  да көз караштарын тактап, маселе бир жаңсыл боло түштү. Жаңы президент, айрымдар айткандай, эскинин көзүн караган жалдырама эмес, элдин талабы менен кызыкчылыгын биринчи орунга коё тургандыгын көрсөттү. Коомчулук муну илгиртпей билип, кош колдоп колдоп, санаасы да бир аз тына түшкөндөй болду. Саясый кырдаал курчуп кетет деп чочулагандык болгон, бирок жыйынтык, негизинен оптимистик маанай жаратууда.

 

 

Мискенбайлар менен коркутуп, “10 миң киши алып чыгып, жөө жүрүш жасайбыз” дегендери “блеф” болуп, коррупциялык иштерден баштарын ийиндерине катып, партиялаштарынан чочулашып, иргеп атып 200гө чукул адам киргизишсе да нааразычылыктар пайда болуп, түштүктөн келген делегация сьезден чыгып кетип, “төраганын шайланышы легитимсиз” деген пикирлер жаралды.

 

 

Ал эми КСДПнын табышы менен жоготууларына келсек, бул тууралуу айтпаган киши калган жок. Жалпы жонунан Атамбаевдин саясый аренага кайтып келишине негативдүү баалар берилип, коомчулуктун жактырбай жатканы байкалат. Атамбаев эми көнүмүш адаты менен алжактап-жалжактап жүрө берип, бир күнү тынчыйт дечи. Бул сьездде эң оор сокку КСДП партиясына тийди. Социал-демократтар “харакири” кылгандай эле окуя болду. Буга чейин өлкөнү титиретип, башкаруучу партия аталып келген КСДП түштүк канатынан айрылып, маргиналдашып, регионалдык, кландык групировканын кейпин кийди. Эми, менин оюмча, мыйзамдуу жол менен шайлоого катышып бийликке келиши мүмкүн деле эмес. Буга чейин Ош облусу менен Ош шаарынан алган добуштары менен араң бийликке илешип жүрсө, эми, почти бүт түштүк региондору чалкасынан кетип, Чүй, Сокулуктагы партиялаштары тарап жатат. Андыктан мыйзамдуу жол жабылды. Мыйзамсыз, революциялык жол менен бийликке келүү да Атамбаев үчүн эбак, ал революциячыл соратниктерин сатып, камап, ар кандай шылуундарды, Максимдин куйруктарын, бозого тойгузуп койсо борпулдап үрүп, парламентти коркутуп бере тургандарды жыйнап  атканда эле бүткөн. Ал эми анын жанындагы сүткө тойгон күчүктөй болгон ат кошчулары уурдап, семиргенге эле маш. Колдорунан мурда деле эч нерсе келчү эмес, азыр деле эч нерсе келбейт. Бир сөз менен айтканда баягы Пушкиндин “Алтын балык” жомогу кайталанып, “акчасы саман” дегени эле болбосо Атамбаев баягы бийликке келе элек кезиндеги сынык тепшисинин жанына кайра келди. Ал дагы далай ирет, колу менен кылгандарын башы менен тартып, бармагын тиштейт. Өз башы менен кетсин. Эми бул тема кызыксыз.

 

 

- Анда жаңы эл башчы, Соронбай Жээнбековго өтөлү. Президенттин ушу күнгө чейинки  иш аракеттерине кандай баа бересиз? Көтөргөн демилгелери колдоого татырлыкпы, ишке ашуусу кандай болот?

 

 

- Буга чейин президенттин кылган аракеттерине ичтери чыкпай, “жумшак, чоюлчаак, чечкинсиз” деген пикирлер айтылып келди. Аны деле туура түшүнсө болот, чыдамы кеткен элибиз, жаңы бийликтен жаңы кадамдарды, чечкиндүү аракеттерди талап кылып жатат. Бирок, президенттин Коопсуздук кенешиндеги сөзү, аппарат жетекчисинин кызматтан кетүүсү, акыркы күндөгү КСДПнын сьездине байланыштуу окуялар президентибиз сабырдуулук кылып, туура иш кылганынын далили катары кабылданып, Сооронбай Жээнбековдун аброю котөрүлүп, жалпы элдик колдоого айланып бара жаткандай. Демилгелер... Региондорду өнүктүрүү демилгеси учурдун талабы, эл колдоп турат. Бирок өкмөт да бул маселени приоритеттүү багыт катары кабыл алмайын аткарылышы өтө күмөндүү экенин ЖМКлар ошондо эле айткан. Андыктан азыр реалдуу ишке ашырып, мамлекеттин өнүгүүсүнө реалдуу шарт түзө турган иш – коррупция менен күрөш болуп турат. Эл Сооронбай Жээнбековдун чечкиндүүлүгүно ишенгени менен чыдамы бүтүп баратат. Анткени конкреттүү иштер жок, тапшырмалар болсо, өзү коопсуздук кеңешинде коррупцияга аралашты деп сындаган жетекчилердин колунда турат. Эгерде бул багытта реалдуу иштер аткарылып, “акулалар” кылтакка илинбей, көч ушинтип ыргылжың бойдон кала бере турган болсо, анын кесепети Сооронбай Жээнбековдун өз башына тийип, эл ишениминен ажыроо процесси башталат. А эл ишениминен кете баштаганда “поюзду” артка кайырыш өтө кыйын экенин биздин соңку жаны таарыхыбыз нечен ирет тастыктабадыбы.

 

 

- Эми кадрлар туурасында. Бизде канча ирет бийлик алмашса деле ошол бийликтердин баарын иритип чиритип, коррупцияга батыргандар өз ордуларында кала берет эмеспи. Анан ошол кадрдык саясат туура жолго салынмайын иш оңолобу?

 

 

- Эң туура маселени көтөрдүң. Ушул маселени баарылап, тынымсыз көтөрүп, талап кылып турушубуз керек. Президент да кадрдык саясатка айрыкча көңүл бөлүшү керек. Болбосо баштаган иштеринин баары “мартышкин труд” болуп кала берет. Коррупционерлер өзүлөрү менен өзүлөрү күрөшпөйт. Мамлекеттик бийликти урру кескиден тазалоо кажет. Жагалданып, жабышкандардан сак болуп, трайбализмге, регионализмге, тууганчылыкка алдырбай, балансты сактап иш алып баруу керек. Таза, элдин келечегин ойлогон, бийликте иштеп кетип, аброюн түшүрбөгөн кадрлар жетиштүү. Ошондой адамдарды командасына тартуу керек. Ошондо ишибиз оңолүп, итибиз чөп жейт!

                                                                                                                                                                                                       

 

 

   Маектешкен Нургазы АНАРКУЛОВ, Булак: "Майдан. kg"  гезити