Экс-президенттин президенттин дарегине карата айтылган ачуу сындарына Сооронбай Жээнбеков тарап бейгам жооп беришти.

 

Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиеванын маалыматына караганда, мамлекет башчысы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бир дагы билдирүүсүнө расмий жооп берүүгө ниеттенбейт.

 

 “Экс-президенттин эмоционалдуу билдирүүлөрүнө жооп берүү, же маани берип кабыл алуу ылайыксыз деп эсептейбиз. Анткени, алар Сооронбай Шарипович экөө бардык нерсе тууралуу сүйлөшүшкөн. Коомчулук чындыкты билгиси келген маалымат, биринчи кезекте Бишкек ЖЭБинин айланасындагы кырдаар тууралуу айта турган болсок, президенттин билдирүүсүн иликтөө иштеринин, анын ичинде депутаттык комиссиянын да ишмердүүлүгү соңуна чыгып, жыйынтыкталгандан кийин күтүү керек. Президенттин ЖЭБди модернизациялоо үчүн тендер өткөрүүдөгү жаңжалга эч кандай катыштыгы жок. Анын келишимине  2013-жылы  кол коюлган. Ачылышы 2017-жылдын 30-августунда Жээнбековдун катышуусусуз болгон. Ал премьер-министрлик кызматын президенттик шайлоого карата 2017-жылдын 21-августунда өткөрүп берген. ”

 

 2017-1018-жылдагы жылытуу сезонуна даярдык көрүүгө  да  Сооронбай Жээнбеков катышпаган. Ал өкмөт башчысы болуп тургандагы кыш – 2016-2017-жылдарга туш келген. Эсиңиздерде болсо, ал жылдагы кыш узун болгон, 2016-жылдын октябрынан 2017-жылдын мартына чейин суук орногон. Бирок, кышында Токмоктогу балдар үйүндөгү жылыткыч түзүмдүн убактылуу иштен чыгып калганын эске албаганда, эч кандай окуя болбогон”, - деп билдирген Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы.