Көз караш

 

- Ишенбай мырза, үч күндөн кийин Март ыңкылабынын 13 жылдыгы белгиленет. Сиздин убактылуу президент болгонуңуз унутулуп кетти. Окуя кандай болду эле?

 

- Мыйзамда өлкө бир мүнөт да бийликсиз калбоосу каралган. Ошондон улам “Король  өлдү! Жашасын король!” деген сөз калган да. Ар кандай себептерге байланыштуу президент бийлик жүргүзүүнү аткара албай калса, өкмөт башчы бул милдетти алат. А кокус, өкмөт башчы да жок болсо, Жогорку Кеңештин төрагасынын, ал кезде парламент эки палаталуу болчу, анын ичинде Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасынын колуна тийиши керек эле. 24-мартта Аскар Акаев өлкөдөн чыгып кеткенден кийин өкмөт башчы да арызын жазган. Ошол эле убакта Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Абдыганы Эркебаев да кетүүгө арыз жазды. Палата жыйын өткөрүп, Кубатбек Байболов экөөбүздүн талапкерлигибиз коюлуп, депутаттардын көпчүлүк добушу менен мен шайлангам. Палатанын төрагасы катары өлкө бийлиги менин колума өттү. Мен эми Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы, президенттин милдетин убактылуу аткаруучу катары өлкөнүн премьер-министрин дайындоо тууралуу жарлык чыгарышым керек эле. Бирок, Бакиев жана анын айланасындагы адамдар күтүүнү каалашпады.

 

- А жарлык чыгарууга канча убакыт кетмек?

 

- Андай кырдаалда ашып кетсе бир күн. Бардык чечимди тезинен кабыл алуу зарылчылдыгы күчөп турган маал эле. Бийликке келүүнү күтүп турган топ Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы мен болгонумдан чоочулашты. “Кадырбековдун колунан бийликти алуу кыйын болуп калат”, - дешип, өздөрүнүн мыйзамсыз ыкмаларына салышты. Тез арада Эл өкүлдөр палатасынын жыйынын чогултушуп, Конституцияга каршы кадамга барышып, Бакиевдин премьер-министр болушуна макулдук алышат. Ошону менен Бакиев тийиштүү жарлыктык жоктугуна карабай өзүн өкмөт башчы жана өлкөнүн президентинин милдетин убактылуу аткаруучу деп жарыялап, ишин баштады.

 

- БШКнын төрагасын ошол убактарда дайындаган да. Демек, ал да мыйзамсыз дайындалган болуп калабы?

 

- Мыйзам боюнча биздин чакырылыштын ишмердүүлүгү 14-апрелде токтомок. Жаңы шайланып келген чакырылыштын кабыл алган чечимдери 14-апрелге чейин легитимдүү болмок эмес. Бирок, жаңы бийлик биздин чакырылышты эртерээк кетирүүгө камылга көрдү. Туйгунаалы Абдраимовду БШКнын төрагалыгына дайындашты да, анын колу менен Жогорку Кеңештин жаңы курамынын депутаттарын каттоого алышты. Ушул жерден белгилей кетчү нерсе, Бакиев конституциялык нормаларды сактабай, бийликке келди. Анан анын жарлыгы менен дайындалган төрага да, ал төраганын чыгарган чечими да толугу менен мыйзамга каршы келген. Бирок, ал убакта буга көңүл бургандар болбоду.

 

2-апрелде Москвадан кабар келди, Акаев арызын жазып бермек болуптур. Кыргызстандан атайын делегация барып, экс-президенттин 5-апрелден тартып ыйгарым укугун өз каалоосу менен тапшырган арызын алып келишти. Мыйзам чыгаруу палатасы Акаевдин өз каалоосу менен жазылган арызын кабыл алып, өлкөнүн убактылуу аткаруу бийлигин түзүшү керек эле. Бирок, бул жерде да Жогорку Кеңештин жаңы легитимсиз курамы алдыга чыкты, алар Акаевдин отставкасын кабыл алышып, Бакиевди өкмөт башчылыгына дайындашып, президенттин милдетин убактылуу аткаруу укугун да беришти.

 

- Жогоруда “Кадырбековдон бийликти ала албай калабыз” деп Бакиевдер чоочулашкан деп айттыңыз. А сиздин бербей кое турган ниетиңиз бар беле?

 

- Андай болушу мүмкүн эмес эле. Анткени, сыртта эл толкуп кеткен. Адам бир аз эле өз амбициясына басым жасаса, өлкөдөгү коопсуздук жардын учуна илинмек. Мындай кезде керт башты, жеке кызыкчылыкты эмес, өлкөнү ойлоо зарыл. Анын үстүнө канчалык жаап-жашырбайлы, түндүк-түштүк деген маселе бар. Аскар Акаев түндүктөн, ал өлкөнү 15 жыл башкарды, бийлик ал ирет түштүктөн чыккан лидердин колуна тийиши шарт болчу.

 

- Акаев 15 жыл өлкө бийлигинде болуп, дээрлик бардык маанилүү тармактарга өз кишилерин коюп, тамырын жайылтып алган президент болчу да. Бийликти тарттырып жиберүүдөгү катачылыгы деп эмнени айтат элеңиз?

 

- Катачылык бир гана нерседен кетти, ал – “өз кишим” деген түшүнүккө ишенип алганы. Саясатта өз киши деген болбойт, кызыкчылыктардын дал келүүсү гана бар. Мисалы, “Алга” партиясын түптөдү, анын курамына жалаң өзүнүн адамдарын алып келүүгө аракет кылды. Губернатор, акимдерге “партияга өз кишиңерди жаздыргыла”, - деген буйрук кетти. Губернатор жүз, аким он кишини жаздырды дейли. Алар ошол кызматкерлердин жакын санаалашы, дос-тууганы. Бирок, акимдин досу, же санаалашы болсо эле Акаевге жан тартып тураарын түшүндүрбөйт да. Ошол убактагы кызыкчылык менен гана партияга катталды. Ошентип, такыр башка ниеттеги адамдар “өз киши” деген белги менен бир партияга чогулушту.

 

- Акаев качып кетээри менен кол көтөрүп багынган партиянын алсыздыгы да ошондон уламбы?

 

- Чындыгында Акаев качып кеткен сааттарда күчтүн баары “Алгада” болчу. Кайраттуу турушуп, мыйзам чегинде бийликти өз колдоруна алышса, Акаевди да кайрып алып келип алганга күчтөрү жетмек. Бул аракеттери мыйзамга каршы келбейт болчу. Акаевдин кызы да, уулу да “Алганын” катарында болгон. Бирок, кайсы бир кызыкчылыктан улам бириккен топ биринчи кыйынчылыкка чейин гана чогуу болот. Кийинчерээк “Ак Жолдун” басымдуу бөлүгүн “Алгадагылар” түзүштү, учурдагы КСДПда “акжолчулар” жүрүшөт. “Өз кишинин” жыйынтыгы ушул.

 

- Бүгүнкү ксдпчылар эртең башка бир президенттин партиясын түзүп калышы мүмкүнбү?

 

- Саясатта баарын күтүүгө болот.

 

- “Жаңы президенттен эмнени күтөбүз?” деген темада макалаңыз жарык көрдү эле, күткөндөрүбүз акталчудайбы? Бийликтин алмашканын билдирген белгилер жок. 

 

- Азыркы президент командасын түзө элек. Эми гана аппарат башчысын алмаштырды. Учурда аппарат башчы болуп дайындалган жигит менен президент көп жерде чогуу иштешкен. Демек, бирин бири жакшы билишет. Премьер-министрди да алмаштырышы ыктымал. Бирок, албетте, ал кетпештин бардык аракетин кылат. Анткени, жаш кезинде бийикке көтөрүлүп алды. Ага эми башка бир да кызматтын кызыгы жок. Ошондуктан, кызматтан тепкич-тепкич менен көтөрүлгөн жакшы. Бир секирик менен чокуга конгон адамдын кулаганы кыйын болот. 

 

Аэлита Сатындиева

 

Булак: "Майдан.kg" гезити