КСДП фракциясы кезексиз жыйынга чогулушат. Аталган фракциянын депутаты Азамат Арапбаевдин айтымына караганда, күн тартибиндеги маселе азырынча белгисиз. Бирок, негизинен жыйында 31-мартта болчу партиянын сьезди тууралуу талкуу болот. Сьездде партиянын төрагасы шайланат жана ал экс-президент Атамбаев болоору да айтылган.
Аны менен катар КСДП партиясынын бир катар мүчөлөрү чыгарылат экен деген маалыматтар да тараган.
Бирок, Азамат Арапбаев маалымат каражаттарына мындай маалыматтар чындыкка коошпой турганын билдирген.
Белгилей кетсек, экс-президент Атамбаев бийликтеги жылдарында эртерээк 2017-жыл келип, президенттик шайлоо болушун чыдамсыздык менен күтүп жатканын, бийликти тапшырууга эки көзү төрт экенин байма-бай айтып келген. Бирок, президент катары берген акыркы маалымат жыйынында пландары өзгөрүп, бир аз эс алгандан кийин кайра саясий талаага чыгаарын кабарлаган.