Россиянын президенттик шайлоосунун жыйынтыгында кайрадан президент болуп шайланган Владимир Путин бийликте дагы канча жыл отураарын айтты.
Владимир Путин президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Ага: “2030-жылдагы президенттик шайлоого да катышасызбы?”- деген суроо узатылды эле, Путин тамаша аралаштырып жооп кайтарды: “Эсептеп көрөлүчү.
Мен 100 жашка чыккыча ушул жерде отурмак белем? Бул күлкүлүү. Албетте, жок”.
Ал эми жаңы Владимир Путинди көрө алаар бекенбиз деген суроолорго кыска гана: “Баары агат, баары алмашат”, - деп жооп кайтарган.