Коомдогу тазалыкты сактай турган таштанды полициясын түзүү сунушу жолдонду. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өкмөт жергиликтүү бийликке тазалыкты көзөмөлгө ала турган муниципалдык полиция түзүү укугун берүүсү зарыл экенин айтып чыкты. Депутаттын айтымында, ишембиликтерди өткөрүп, ар кандай акцияларды жарыялап, көчөлөрдү таза кармоого аракеттүүнүн жыйынтыгы болбой, Кыргызстан барган сайын таштандынын алдында калып баратат. Депутат акциялар жакшы нерсе экенин, бирок, ишембилик кылып коюудан андан аркы жакка иш жылбай жатканын белгиледи. “Мен абдан иштиктүү механизмди сунуштайм, таштанды полициясын түзсөк өлкөбүз тазарат”, - дейт ал.