19-мартта Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы «Жарандардын өз ара кирип-чыгуусу тууралуу» макулдашууну ратификациялады. Ага ылайык, Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары бири-биринин аймагында визасыз 30 күнгө чейин жүрүү укугуна ээ болушат.

 

Тажикстан ТИМ башчысынын биринчи орун басары Низомиддин Зохидинин айтымында, бул документтин күчүнө кириши менен 2000-жылы 16-майда кабыл алынган мамлекет аралык макулдашуу күчүн жоготот.

 

Парламенттин төмөнкү палатасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жаңы документ жарандардын коңшу өлкөнүн аймагында убактылуу жүрүшүн, визасыз кирип-чыгуусун жана кызматтык иш сапарларды уюштуруу маселесин жөнгө салат.

 

«Андан тышкары эл аралык автоунаа кыймылына катышкан айдоочулар үчүн бир жылдык мөөнөт менен визалар берилет», - деп билдиришти басма сөз кызматтан.

 

«Жарандардын өз ара кирип-чыгуусу тууралуу» макулдашууга Тажикстан менен Өзбекстандын президенттери 9-мартта, Шавкат Мирзиёевдин Душанбедеги мамлекеттик сапары маалында кол коюлган.

 

Азырынча бул документти Өзбекстандын парламенти ратификациялай элек. Бирок өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев өз токтому менен 16-марттан тарта Тажикстандын жарандары үчүн Өзбекстанга визасыз кирүү укугун берген.