Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Абылгазиев  Мухаммедкалый  Дүйшекеевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси болуп дайындалды.

 

Өмүр баяны

 

1968-жылдын 20-январында Нарын областынын Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында туулган.

 

1994-жылы К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун, 1997-жылы Кыргызстан эл аралык университетин аяктаган.

 

Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

 

ЭМГЕК ИШМЕРДИГИ:

 

1994-1995-жж.  - «Кыргызстан» финансылык-агроөнөр жай компаниясынын директорунун орун басары;

 

1995-1997-жж.  -  «Ажар» ЖЧКнын аткаруучу директору;      

 

1997-1998 –жж. -  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Чакан жана орто бизнести колдоо боюнча  мамлекеттик фонддун эксперти;

 

1998-1999 –жж.- Биринчи май райондук калкты ишке  жайгаштыруу башкармалыгынын  начальниги;

 

1999-2003-жж.  -  Бишкек  шаардык калкты ишке  жайгаштыруу департаментинин директору;

 

2003-2009-жж. -  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун начальниги, Аппарат жетекчиси, Башкармалыгынын мүчөсү;

 

2009-2010-жж. - Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;

 

2010-2016 жж.-  Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы;

 

2016-2017 жж.- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри;

 

08.2017-09.2017-ж. - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;

 

2017-жылдын 12-сентябрынан - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчисинин биринчи орун басары.

 

2018-жылдын 16-мартынан - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат Жетекчиси.