Өз кабарчы маалымдайт

 

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Кыргыз-Орус фондунун ишин абдан катуу сындады. Мындай пикирин ал вице-премьер-министр Санжар Муканбетов катышкан аймактык өнүктүрүү боюнча чоң жыйында ачыктады.

 

- Кыргыз-Орус фонду күрөө боюнча жол-жобосун иштеп чыкан эмес. Биз үч жыл аралыгында эт комбинаты, насос заводу, терини иштетүүчү жана тигүүчү цехтер боюнча ири долбоорлорубузду сунуш эткенбиз. Тилекке каршы, булардын бирин дагы канааттандырган жок!- деп тызылдады Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев.

 

Эскерте кетчү жагдай: Кыргыз-Орус фонду Кыргызстандын ЕАЭБге кирүү жолун жеңилдетүү үчүн өлкө экономикасына колдоо иретинде Орусия бөлгөн акчага уюштурулган.

 

Булак: "Майдан.kg" гезити