"Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда аймактык кызматташтыкты элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн жаңылап түзүү маселеси турат" деп билдирди бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Астанада аймактын лидерлери чогулган жыйында.

 

Ал “Борбор Азия өлкөлөрүнүн стратегиялык кызыкчылактары бир, элдерибиз достук жана ынак коңшу шартында бирге өнүгүшү керек” деп айтты.

 

Кыргыз мамлекетинин башчысы Борбор Азия байыртан диний чыдамдуулук, улут аралык толеранттуулуктун аймагы экенин, экстремизм өөн көрүнүш болуп келгенин баса белгиледи. Ошону менен катар ал аймак энергетикалык жаткан көз каранды эмес болууга мүмкүнчүлүгү бар экенин, транспорттук байланышты чыңдоо керектигин да кошумчалады.

 

Астанада бүгүн Борбор Азия жетекчилеринин саммити өттү. Иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын президенттери катышты. Ал эми Түркмөнстандан парламент спикери Акжа Нурбердыева барды.

 

Өзбекстан президентинин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө аймактык саммит өткөрүү демилгесин өзбек лидери Шавкат Мирзиёев көтөргөнү, аны казак президенти Нурсултан Назарбаев колдоп, алгачкы жыйынга Астанага чакырганы айтылат.