Кыргызстан социал-демократтар партиясынын партиясынын съезди марттын аягына белгиленгени маалым болду.

 

Маалыматтарга караганда, жыйындын күн тартибинде карала турган бир гана маселе бар, ал - Алмазбек Атамбаевди КСДПнын төрагалыгына кайра шайлоо. Маселе партиянын ушул жумада өтүүчү саясий кеңештин жыйынында бекитилет. Коомчулукта аталган партиянын мүчөлөрүнүн ич ара ыркы кете баштады деген сыяктуу имиш-кептер тарай баштаганына көп болду. Бирок, ксдпчылар андай кептерди чындыкка коошпойт деп актанышат.