- Равшан мырза, Таиландга эс алганы бардыңарбы же бийликти алсыратуу үчүн тымызын бирөөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында бардыңарбы?

 

- Таиланга барганыбыздын саясатка эч кандай тиешеси жок. Ал жакка үй-бүлөлүк эс алуунун алкагында эле бардык. Турмушта саясаттан башка үй-бүлө деген нерсе бар. Ошондой эле ден-соолугуңа да кам көрүш керек. Мына ошол нерселерди эске алып, мээ сергитип эс алдык. Анткени, кыргыз саясаты аябагандай узак  жол. Кыргыз саясаты аябагандай коркунучтуу. Кыргыз саясатында алысты көргөн стратегиялык максаттарды койбосоң узак жашай албайсың. Ошондуктан, кыргыз саясатчылар ден-соолугуна, өмүрүнө жакшы карашы керек.

 

- АКСтин башчысы кызматтан кетти. Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшкө билек  түрүнө кириштиби же “президент иштеп жатат” деген ойду жаратыш үчүн бек-бек сүйлөп жатабы?

 

- Азырынча президент Жээнбековдун иши сөздүн гана тегерегинде жүрүп жатат. Негизинен коомдун кандайдыр бир кызыкчылыгына жооп берген маанилүү сөздөрдү айтты. Бирок, президент сөздөн ишке өтө элек. Сөз менен иштин ортосунда аябагандай чоң айырма бар. Сөздү айтып коюу - өзгөчө кыргыз президенттери үчүн жеңил. КТРди алып келип алып, алдын ала даярдалып коюлган кооз сөздөрдү сүйлөгөн эч нерсеге турбайт. Башкача айтканда, 5 мүнөттүк эле жумуш.

 

Бирок, президенттин мындан аркы кадамы чыныгы реалдуу ишине байланыштуу болот.  Реалдуу иш көп  факторго байланыштуу. Башкача айтканда, президенттин көз карашына, саясый эркине байланыштуу болот. Президенттин көз карашы саясый эрки боло турган болсо, президент билек түрүнө киришип, тез араны ичинде маанилүү структуралык системалык реформаларды ишке ашырып башташы керек. Анткени, сөздүн жаңырыгы көпкө деле созулбайт.  Бир айдан кийин эле президенттин иши менен сөзү эки башка экени байкалып калат, эгерде реалдуу иштер жасалбай турган болсо. Реалдуу иш деген эмне? Реалдуу сот реформасы. Соттордун баарын кайрадан тандоо. Соттордун иштөө процедураларын өзгөртүү. Сотторду кызматка коюу жана кызматтан алуу механизмдерин өзгөртүү. Соттордун үстүнөн коомдун жана массалык маалымат каражаттарынын көзөмөлүн  күчөтүү. Президент укук коргоо органдарынын кызматына нааразы боло турган болсо анда, ал жакты да реформалаш керек. Ал төмөнкүдөй болушу шарт. Биринчиси, Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы кызматынан кетиши керек. Мамлекеттик экономикалык иштеринин баарын финполицияга берип, ички коопсуздук  маселесинин бардыгын ИИМге бериш керек. Ошондой эле тергөө УКМКдан, Башкы прокуратурадан, ИИМден, Финполдон алынып, өзүнчө республикалык тергөө комитетин түзүш керек. Башкы прокурорду Юстиция министрлигин алдына алып барышы керек. Анткени, Башкы прокуратура менен Юстиция министрлигин мыйзам жазуу жана мыйзамдарды көзөмөлдөө функциялары окшош. Мына ушуга окшогон реформаларды президент  жасай турган  болсо, президентке чыныгы ишеним пайда  болот. Буларды жасоого киришпесе, президенттин сөзү мурдагы президенттердей эле кооз сөз бойдон калат.

 

- Кыргыз депутатынын Казакстанда камалышы эмнеден кабар берет? Же казак бийлиги кыргыз бийлигин тоготпой жатабы?

 

- Менин бул маселени эки багытта карайт элем.  Негизи мен бул жигиттин депутат экенин да, ал кандай көз караштагы депутат экенин деле билбейм. Ал жигит ак болушу да, күнөөсү болушу да мүмкүн. Казак бийлиги сотто күнөөсүн далилдесе, күнөөсүн тартышы керек. Күнөөсү жок болсо, бошотуш керек бул биринчиси. Экинчиси, буга чейин кыргыз-казак мамилеси көптөр ойлогондой чечилген жок. Алар “убактылуу эле уктатышты” деп мурун эле айткам. Казак бийлигин кыргыз бийлигине болгон нааразычылыгы жандана баштаганын депутатты камоо менен билдириши да мүмкүн. Анткени, жаңы президент келгенде жаңы үмүттөр пайда болгон. Ошон үчүн президент менен жолугуп, маселе чечилгендей түр көрсөтүшкөн. Бирок, мамлекетти Атамбаевден калган калдыктар башкарып, иштеп жатканы үчүн жаңы президент өзгөрүүлөрдү жасабай, экс-президенттин бийлигин чектей албаганы үчүн ушундай мамиле болушу мүмкүн. Анткени, экс-президенттин кадрлары мамлекетти башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылбаганын  алар да түшүнүп жатышат. Өзгөчө премьер-министрди, Улуттук коопсуздук кызматынын башчысын, ИИМдин, Финполдун башчысын алмаштырбаганынан  улам өз алдынча президент боло албай жатабы деген ой казак бийлигине келе баштады. Мүмкүн биз аларды кайрадан улантабыз деген  сигналды биздин депутатты камоо аркылуу берип жатышы да мүмкүн.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити