47-колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан оппозиционер Бектур Асанов 30-январдан бери кармап жаткан ачкачылыкты токтотту.

 

Ал бул тууралуу аны менен жолугушууга абакка кирген жакындарынан коомчулукка берип жиберген кайрылуусунда айткан.

 

 Оппозиционер ачкачылык кармаганы өзү күткөндөн да күчтүү коомдук резонанс жаратканын белгилеп, ойдогудан да жогорку максатына жеткенин жазган.

 

Бирок, ушуну менен эле ачкачылык токтой турганын маалымдаган эмес, алардын талабы УКМКнын жетекчисин кызматтан кетирүү болгондуктан, бул маселеге дагы кайрылышаарын кыйыткан.

 

 Ал мыйзам алкагында саясий күрөш жүргүзө берээрин айтып, ачкачылык кармаган саясатчыларды колдогон жарандарга ыраазычылык билдирген.

Ал өзү менен кошо ачкачылык кармап жатышкан Эрнест Карыбеков менен Кубанычбек Кадыров да бул кадамдарынан кайтышканын белгилеген.

Бектур Асанов бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деген айып менен 12 жылга кесилген.