Орусиянын ондогон шаарларында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный уюштурган жүрүштөрдө кеминде 257 адам кармалды. Бул тууралуу жекшембидеги бүткүл орусиялык каршылык акциясына байкоо салган "ОВД-Инфо" медиа-долбоору кабарлады.
Алардын маалыматына ылайык, Чебоксары шаарында 50, Уфада 45, Кемероводо 31, Москвада 16 киши кармалган. Мындан тышкары кармоолор Санкт-Петербург, Нижний Новгород, Новосибирск, Томск сыяктуу ондогон шаарларда да катталган.
Орусиянын баш калаасында полиция кармап кеткен демонстранттардын арасында Алексей Навальный да бар.
"Мен кармалдым. Бул маанилүү эмес. Тверская көчөсүнө келгиле. Силер мен үчүн эмес, өзүңөр жана өзүңөрдүн келечегиңер үчүн чыгып жатасыңар", - деп жазды Навальный Твиттердеги барагына.
Томскта активист Сергей Чайковскийге 150 миң рубль айыппул салынды. Ал митинг өткөрүү тартибин кайталап бузууга айыпталды. Челябинскте каршылык акцияларынын катышууларынын бири – Денис Ибрагимовду "ээнбаштык" беренеси менен 10 суткага камашты.