Картинки по запросу камчыбек ташиев 

 

 - Урматтуу Таш-Көмүр шаарынын жашоочулары! Алдыда  шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо – маанилүү милдетиңиздер турат. Мамлекеттин өнүгүүгө карай сапары аймактардан башталаарын баарыбыз билебиз. Демек, сиздердин тандооңуздар өлкөбүздүн келечегин аныктайт. “Ата-Журт” саясий партиясы да шаардык кеңешке талапкер болуп аттанды. Биздин партиянын тарыхы кенен, нечен жылдан бери мекендин татыктуу келечеги үчүн салым кошууга аракеттенип, эл-журттун маселе, көйгөйүнө тереңден үңүлүп келдик. Мындан ары да аткара турган иштерибиз толтура. Биздин максат – аймактардагы калктын жашоо деңгээлин көтөрүп, ички жана тышкы миграцияны жоюу. Ар бир адам өз мекенинде, балдарынын, жакындарынын маңдайында жашап, жумуш менен камсыз болуп, бакыбат жашоо өткөрүүгө акылуу. Шаардык кеңештин депутаттары сиздин шаар үчүн иштөөгө милдеттүү. Бүгүнкү тандооңуз, демек, эртеңки тагдырыңыздын багыты болуп саналат. Мындан бир канча жыл мурун, апааттуу июнь окуясында сиздер менен бирге тик туруп, ынтымакты орнотууга, араздашууну басууга аракет жасаганыбызды эстеңиздер. Кандуу окуя башталган түнү түнкү саат үчтө миңдеген адамдардын коштоосунда жыйын өткөрүп, элди касташуудан кайра тарттырып, тынччылык орнотууга аракет жасаганыбызды эстеңиздер. Биздин ар бир аракет сиздердин бакыбат жашооңуздар, тынчтыгыңыздар жана коопсуздугуңуздар үчүн.

 

Тандоо жасоодон жаңылбаңыздар.  2010-жылдагы инюнь апаатынын алдында, 11ге караган түнү, саат 3төгу жолугушуу эсиңиздерде болсо керек. Менин эсимден кетпейт, анткени, Таш-Көмүрдүн эли- патриот эл!

 

 

Булак: «Майдан. kg» гезити