Картинки по запросу партия ата журт 


 

Бүгүн аркага кылчайып карап, кайсыл партиялардын кадыры чоң, кайсы партия өз кызыкчылыгынан элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койду деген суроого жооп издөөгө аракет кылдык. Бийлигине таянып, мамлекетте өз билгендерин жасап жаткан партияларды эске албаганда  мамлекеттин жүгүн жеңилдетсем, элим үчүн ак кызмат өтөсөм деген партиялардын арасынан “Ата Журт” партиясы көзгө урунат экен. Узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жетип, элдин колдоосуна, алкоосуна татыган “Ата Журт” партиясы 2006-жылдын 14-ноябрында Ош шаарында негизделген. Ошол кездеги парламентте Марат Султанов, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Акматбек Келдибековдор “Ата Журт” фракциясын түзүшкөн. Кыскасы, каттоодон өткөндөн баштап элге кызмат кыла баштаган.

   

Юстиция министрлигинде 200гө жакын партия  каттоодон өткөнү менен  көп партиялар кырдаалга жараша жаралып, кайра жок болуп, аты бар, заты жок партияларга айланды. Мына ошол өлөсөлүү партиялардан дээрлик айырмаланып,  “Ата Журт” партиясы 2010-жылкы парламенттик шайлоодон бери саясатка активдүү киришип,  кыргыз парламентинде орун алып, тиешелүү мандатка ээ болуп келе жатат. Ал тургай  кадыры да күндөн күнгө өсүп, кандай кырдаал болбосун аты аталып,  кыска убакыттын ичинде элдин  ишенген, таянган партиясына айланды. Аталган партиянын күн санап кадыры өсүп жатканынын да жөнү бар. Айтайын дегеним, “Ата-Журт” партиясы бир адамдын демилгеси же колдоосу менен түзүлгөн жасалма партия эмес. Элдин колдоосу, тилегинен жаралган партия болгон үчүн жаралгандан бери карапайым элдин таламын талашып, бийликтин безине тийип, кээде айыгышкан душманына да айланып келе жатат. Башкача айтканда, мыктылардын башын бириктирген партия болгон үчүн айрым учурда “ата-журтчулар” бийликтегилердин  баш оорусуна айланып, саясатты курчутуп жиберген да учурлар бар. Бул партиянын башында мыкты, мекенчил, адилеттүүлүктү орнотууну көздөгөн чыныгы лидерлер турган үчүн кайсыл мезгил, кандай кырдаал экенине карабай  чындык үчүн күрөшүшөт. Кандай кырдаал, кандай маселе болбосун карапайым элдин таламын талашат. Ошондой эле аталган партиядагы лидерлер  региондук кызыкчылыктан алыс адамдар. Ошон үчүн башка партиялардан сап башында мекенчил уулдар турганы  менен айырмаланат.

 

“Ийгилик жалгыз келбейт”- деген сыяктуу, калың элдин катмарына сиңип, элдин жүрөгүнөн орун алганча “ата-журтчулар” башынан бир топ оор сыноолорду өткөрдү. Башкача айтканда, алардын мамлекеттин жүгүн көтөрөбүз, элдин ишенимин актайбыз, эл үчүн кызмат кылабыз деген аракети оңойго турган жок. Бийликтегилер ыгы келсе да, келбесе да каралап, буларды сындырууга, кыргыз саясатынан чийип, биротоло жок кылууга аракет кылды. Башкача айтканда, “ата-журтчулардын” элдин түйшүгүн жеңилдетсем деген аракетине каршы чыгып, ар бир демилгесинен, кыймылынан шек санап, элге мокочо көрсөтүүгө далалат жасашты. Айтор, “былыгыбызды ачып, кадырыбызды кетирет”- дештиби Садыр Жапаров “Кумтөр” боюнча уюштурган митингди шылтоолоп, жүрөгүндө жалы бар, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдорду болбогон шылтоо менен УКМКнын абагына 9 ай “бийликти басып алууга аракет жасашты” деген айып менен камашты. Ал тургай буларды актаган шаардык соттун эки судьясын иштен бошотушту. Атүгүл, жогору жактагылар партияны алсыратуу үчүн болгон аракеттерин жумшашты. Мамлекетке келтирген зыяны аныкталбаса дагы Ахматбек Келдибековду “ичти, жеди” деген шылтоо менен каралоого да үлгүрүштү. Ошондой эле “Ата-Журт” партиясын жок кылып, таш-талканын чыгаруу үчүн Нариман Түлеевге да кылмыш ишин козгоп, аны да камоого  жетишишти. Бирок, бийликтегилердин түрдүү  шылтоо менен “ата-журтчуларды” тебелеп-тепсеп жок кылам деген оюу оңунан чыккан жок.  Кудай колдоп, эл мактап турганы үчүн бардык сыноолор “ата-журтчуларды” тебелеп-тепсемек тургай, зоболосун көтөрдү.  

 

“Ата-журтчуларды” эл колдоп, кудай сүйгөн үчүн лидерлер бийликтин адилетсиздигине кабылганы менен, элдин эсинде калды. Айтмакчы, 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо  “Ата-Журт” биринчи орунда келип, спикерлик кызматка анын лидерлеринин бири Ахматбек Келдибеков келген. Ал спикерлик кызматты татыктуу иштеп берди. Азыркы спикерлердей болуп, парламентти бийликке жүгүндүргөн жок. Парламенттин кадырын сактап, парламенттин кыргыз саясатындагы ордун көрсөтүп берди. Бирок, “асылган оору алмайын тынбайт” дегендей, Ахматбек Келдибековго ичи жылыбагандар, спикерлик кызматты ыраа көргүсү келбегендер ар кайсы нерсени айтып отуруп, акыры кызматтан түшүрүштү. Ал эми Кыргызстандын мекенчил уулу Садыр Жапаров революциядан кийин  сотторду реформалоону колго алып, сот системасында  адилеттүүлүктү орнотууга бел байлаган. Бирок, анын ак кызматынан кара санагандар четтен чыгып, аны ал комитетин башчылыгынан четтетүүгө жетишишкен. Баса, Садыр Жапаров өз чөнтөгүнөн каражат бөлүп, көз карандысыз комиссия түзүп,  “Кумтөр” кениндеги чыгымдарды аныктап чыгып, “Кумтөрдөгү” ачуу чындыкты жарыялап, бийликтегилердин колкосуна тыгылган сөөккө айланган. Бирок, бийликтегилер колундагы бийлигине таянып, “ата-журтчуларды”  кордоп, алардын ак эмгегин жокко чыгарууга болгон мүмкүнчүлүгүн жумшашты. Айтмакчы, Садыр Жапаров “Кумтөрдү” иштеткен компанияны “эл аралык сотко берем” деген демилгеси, аракети үчүн бүгүн күнөөсү далилденбесе дагы сот жообуна тартылып, камакка алынды.

“Ата Журт” партиясынын негизги лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев мандемдүү маселелерди эле көтөрбөй, 2010-жылкы Ош коогалаңында согушту токтотууга бирден-бир салым кошуп, башын тобокелчиликке салганы менен элдин оозунда калды. 2015-жылкы парламенттик шайлоону утурлай “Ата-Журт” партиясы “Республика” менен тандем болду. Бирок, атайын уюшулган сценарийби же чындап эле кокустук болдубу, же Ташиевдин эр жүрөктүүлүгүнөн чочулаштыбы, айтор, шайлоо болоор маалда “бирөөнү сабап салды” деген шылтоо менен  Камчыбек Ташиевди шайлоодон четтетип салышты.

 

Кудай бар үчүнбү же ак ийилип бирок сынбаганы үчүнбү, бүгүн Камчыбек Ташиев өз мекенинде жүзү жарык жүрсө, Бабанов Кыргызстандан качып кетүүгө аргасыз болду.

 

Кыскасы, “ата-журтчулар” партия түзүлгөндөн бери мына ушундай оор түйшүктү башынан кечирүүгө аргасыз болушту. 

 

Бирок, ата журтчулардын башына кыйын күн түшүп, айлалары кетип турганда бир ооз жылуу сөзүн айтпай, тескерисинче булардын камалышын табалагандардын башына бүгүн ошол кездеги “ата журтчулардын” абалы келип, сот, адилетсиздик, чындык чыркырап, көз жаздымда калган мезгилди баштарынан кечирип жатышат. Бирок, “ата-журтчулар” табалабайт. Бул нерсенин баарына тобоо гана дейт. 

 

“Ата-Журт” партиясы чоң саясатчылардын такшалышына салым кошкон, көп саясатчылардын жылдызын жандырган ак жолтой партия. Учурда бир топ аймактарда, анын ичинде Таш-Көмүр шаарында жергиликтүү кеңеш шайлоосу болгону турат. Эл туура чечим кабыл аларына биз ишенебиз. Алга, “Ата-Журт”!

 

 

Булак: «Майдан. kg» гезити