Картинки по запросу омурбек бабанов трус  

 

Өмүрбек Бабанов  саясаттан кете турганын жарыялаганы тууралуу анын штабы маалымат таратты.

 

Маалыматта:  «Президенттик шайлоонун алдында өзүмдүн командама эгерде элдин көпчүлүк добушуна ээ болбосом саясаттан кетем деп убада бергем. Ошондуктан, мен саясаттан, партиядан кеткенимди жарыялайм.

 

Бул оңой эмес жана оор чечим болду. Бирок,  бул азыркы кырдаалдагы эң туура чечим деп эсептейм.  Андыктан  Жогорку Кеңештеги депутаттык ыйгарым укуктарымды токтотконумду билдирем. Биздин партиянын тизмесиндеги башка талапкерлер үчүн да депутат болуу мүмкүнчүлүгү берилишин каалайм. Бул акыйкаттуу», - деп жазылган.

 

Аны менен катар Бабанов Кыргызстандын  жаңы президентин шайлоо демократия жолу менен өткөнүн кыстарып кетүүнү да унутпаган.

 

Похожее изображение

 

 

Өмүрбек Бабанов  саясатта жүргөн жылдарында бир да олуттуу кыйынчылыкка кез келбеген. Башка саясатчылардай жалган жалаага туш болуп, же саясий куугунтукка кабылбаган. Чындык үчүн күрөшөм деп темир тордун артында отуруп, абактын сүрү менен таанышпаган. Шайлоодо башкы талапкердин башкы атаандашы болуусу анын саясий жолундагы биринчи кыйынчылыгы эле. Шайлоо аяктаары менен элдин ага берген ишеними үчүн күрөшүүгө кол шилтеп, шашылыш жыйын өткөрүп, «мен бул шайлоону тааныйм, тап-таза жол менен ак-акыйкат өттү» дей салып, аз күндөн кийин ден соолугун шылтоолоп Кыргызстандан таптырбай жоголду. Тээ алыста отуруп алып, интернет тармагынан үн катып, Кыргызстандагы ага байланышкан кырдаалдарга пикирин билдиримиш болуп турду. Он-Адыр айылында шайлоонун алдындагы үгүт иштеринде калпыс айтылган сөзү үчүн кылмыш иштин козголгону эле аны өз мекенине келүү ынтызарлыгын бууп салгандай. Ага таандык НТС телеканалынын мүлктөрү камакка алынып, анда иштеген жүздөн ашуун журналисттин тагдыры бүдөмүк болуп, каналдын эртеңи арасат абалда турат. Ага да кол шилтеген өңдүү. Артынан аңдуулар жүрсө да, абакка камалып, ал тургай жакындарынан табышмактуу жагдайда ажыраса да, мекенинен чыгып кетпей, чындык үчүн күрөшкөн саясатчылар бар. Мына ошолорду өз сөзүнүн чыныгы ээси деп айта алабыз. Бабанов башына бир келген жана биринчи жолу келген кыйынчылыкка эле тизе бүгүп, «саясатыңардын, мамлекетиңердин, мандатыңардын да кереги жок, жанымды, анан бизнесимди калтырсаңар болгону» деп жансоого сурап жатат. «Адамдын кандайлыгы аңчылыкка чогуу барганда билинет» деген кеп бар, анткени, аңчылыкта кооптуу, күтүлбөгөн жагдайлар ар кадамда аңдып турат. Мындай учурда жаныңдагы адам бек, күчтүү, коркок эмес болсо, анда сенин да жолуң болгону ошол. Бабановдун тез эле кол көтөрүп, жеңилип бергенинен улам президенттик шайлоодогу жеңиш анын пайдасына оодарылбаганы Кудайдын кыргызга кылган жакшылыгыбы деп түшүнсө да болчудай. Биринчи тоскоолдуктан эле артына карабай безген саясатчы менен өлкө «аңчылыкка»  чогуу барып алганда, эң кооптуу жагдайлар ошондо жаралмак экен.  

 

 

 

 

Картинки по запросу омурбек бабанов канат исаев  

 

 

 

Депутат Канатбек Исаев да так ушул Бабановго жакындашканы үчүн камалбады беле. Муну Бабанов өзү да айткан "Исаевге менин айыман кылмыш иши козголду", - деп. Бирок, анын айыбын жеңилдетүүгө, моралдык колдоосун көрсөтүүгө да жарабады. Жөн гана өз жанын коргоду да, качып кетти...