Казакстан Республикасы 2018-жылдын 1-январынан баштап Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешине төрагалык кыла баштайт. БУУнун Коопсуздук кеңешине эки жылдык мөөнөт менен 2017-2018-жылдарга мүчө болуп шайланган Казакстан алгачкы жылындагы ишмердигин ийгиликтүү аяктады. Коопсуздук кеңеши БУУнун курамындагы негизги алты мекеменин бири болуп саналат. Милдеттери – дүйнөдө тынчтык менен коопсуздукту сактоо, бүтүмгө келтирүү миссияларын аткаруу, эл аралык санкцияларды салуу жана аскердик аракеттер маселелерин чечүү. Коопсуздук кеңеши уюмга мүчө мамлекеттер аткарууга тийиш чечимдерди чыгара алат. Ал эми уюмга мүчө мамлекеттер БУУ аркылуу өз сунуштарын, мүдөөлөрүн билдирет жана маанилүү маселелер боюнча дүйнө элдерине кайрыла алышат.
Азхар Масуд “кара тизмеге” эмне үчүн кирбей калды?
Учурда Коопсуздук кеңешинин күн тартибине Палестина-Израиль кагылышуусу, Ирактагы, Йемендеги, Ливандагы жана Жакынкы Чыгыштагы көйгөйлөр киргизилген, Корея элдик-демократиялык республикасынын атом бомбасын сыноо маселеси өзгөчө орунду ээлейт. Ошондой эле күн тартибинин чоң бөлүгүн Африкада болуп жаткан кагылышууларды жөнгө салуу проблемалары ээлейт. Дагы бир бөлүгү Ооганстанга арналган. Африкадагы өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн проблемалары Ооганстандагы абалга окшош. Эки региондо да эл аралык терроризмге каршы күрөш, туруктуу өнүгүүгө жетишүү, гуманитардык жардамдарды уюштуруу, жумуш орундарын түзүү, климаттын өзгөрүшүнө карата аракеттерди көрүү маселелери бар. Терроризмге каршы күрөшкө бир мисал: Быйыл 17-мартта Коопсуздук кеңеши Ооганстандагы террордук уюмдардан келе турган коркунуч жөнүндө № 2344 токтомду кабыл алды. Ушундай чечимдер аркылуу Коопсуздук кеңеши эл аралык террорчулардын тизмесине кире тургандарды аныктап, аларга тыюу салат. Кеңештин комитеттеринин санкциялык режимдери террордук түзүмдөрдүн ишмердигине, алардын мүчөлөрүнүн каттамдарына, активдерине, куралдарды алып жүрүүсүнө тыюу салууну караштырган. Бирок, жеке жана юридикалык жактарды террорчу деп таануу үчүн Коопсуздук Кеңешине мүчө мамлекеттердин макулдугу керек. Кеңештин туруктуу мүчөсү ага вето койсо, алар террорчу иретинде таанылбайт. Жакында АКШ, Франция жана Улуу Британия «Джаиш Мохаммед» террордук тобунун башчысы Азхар Масудду эл аралык террорчу деп таанууга сунуш берген. Бирок Кытай мамлекети Кеңештин туруктуу мүчөсү катары ага вето койду. Натыйжада, Индиядагы бир катар террордук аракеттерди уюштурду делинип жүргөн Азхар Масуд «кара тизмеге» кирбей калды.
Дүйнөдөгү тынчтык боюнча казакстандык демилгелер
Н.Назарбаев дүйнөдө тынчтык орнотууга салымын Казакстан бийлигинин башына келген күндөн баштап кошуп келет. Өлкө эгемендигине чейин эле, 1991-жылдын 29-августунда ал Семипалатинск (азыркы Семей) ядролук полигонун жабуу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ошентип, казак элин азапка салган 40 жылдык ядролук сыноолорго чекит коюлган. Ошондо Казакстан ядролук сыноолордон тышкары, тумшугуна 1400 жолу ядролук окту дүрмөөтөй алчу 104 континенттер аралык СС-18 («Сатана») баллистикалык ракетасынан жана 370 канаттуу ядролук ракетасы орношкон «ТУ-95 МС» маркасындагы 40 стратегиялык бомбалоочу учактан баш тарткан. Ушул 29-августту БУУ жыл сайын атап өтүлүүчү «Ядролук сыноолорго каршы күрөштүн эл аралык күнү» деп жарыялады. Ал эми 2015-жылдын 7-декабрында БУУнун Башкы ассамблеясы Казакстандын демилгеси менен «Ядролук куралдан азат дүйнөнү куруу жөнүндө» Декларация кабыл алган.
Нью-Йоркто, 2015-жылдын 28-сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 70-сессиясында сүйлөгөн сөзүндө Казакстандын Президенти Н.Назарбаев дүйнөдө коопсуздукту камсыз кылууга багытталган бир катар демилгелерди сунуштады. «ХXI кылымда адамзаттын эң башкы милдети – дүйнөнү согуш коркунучунан арылтуучу жана согуштун себептерин жое турган стратегияны жүзөгө ашыруу. Ошондуктан, БУУнун түзүлгөндүгүнүн жүз жылдыгына карата «Ааламдык стратегиялык демилге – 2045 планын» даярдоону сунуштаймын», - деп Н.Назарбаев өзүнүн беш сунушун айтты. Алардын негизгилери: ХXI кылымда Ядролук куралсыз ааламды калыптандыруу; уюмга мүчө өлкөлөр кандайдыр бир санкция кабыл алганда, анын БУУнун уставына карама-каршы келбөөсү, өлкөлөрдүн өз милдеттенмелерин так аткаруусу; эл аралык терроризм менен экстремизмге каршы туруштук бере ала турган бирдиктүү дүйнөлүк тилкени түзүү. Казакстандын мамлекет башчысынын айтымында, «Ааламдык стратегиялык демилге – 2045 планынын» алгачкы кадамы – «Жаңы Келечек» (NEW FUTURE) концепциясын даярдоо. NEW FUTURE дегенибиз – ядролук, энергетикалык, суу жана азык-түлүк коопсуздугу, өз ара ишеним, түшүнүшүү жана реформалар.
2016-жылдын 31-март – 1-апрелинде Вашингтон шаарында өткөн Ядролук коопсуздук боюнча IV Саммитте Нурсултан Назарбаев өзүнүн «Аалам. XXI кылым» манифестин жарыялады. Адамзаттын бардыгын камтыган «XXI кылым: согушсуз дүйнө» программасынын зарылчылыгы каралган бул манифест БУУнун Башкы ассамблеясынын жана анын Коопсуздук кеңешинин расмий документи макамына ээ болду.
Измукан АЛДАБЕРГЕНОВ, Булак: «Майдан. kg» гезити