Орусиянын президенти Владимир Путин бейшембиде ар жылкы чоң маалымат жыйынын өткөрдү. Дээрлик төрт саатка созулган жыйында Путин жалпысынан 65 суроого жооп берди.

 

Анын жүрүшүндө журналисттер президенттин эмне себептен шайлоого баратканын сурашты. Жооп катары Путин «алдыга умтулган» Орусияны көрүп жатканын айтып, президенттикке өзүн өзү көрсөтө турганын жарыялады.

 

Шайлоодо чыныгы атаандаштыктын жок экендиги тууралуу суроого жооп берген Путин системалуу эмес оппозицияны «конкреттүү күн тартиби» жок деп айыптады. Оппозициячы Алексей Навальныйды болсо «Орусиянын Саакашвилиси» деп атады.

 

Андан тышкары Путин кайрадан Украинанын чыгышында орусиялык аскерлер жок экенин билдирди. Анын айтымында, Донбасста жергиликтүү калкты «украин националисттеринен» коргоо үчүн түзүлгөн «аскердик-милиция түзүмдөрү» гана бар.

 

Кремлдин былтыркы АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкендиги тууралуу суроого Путин «Анын баары ойдон чыгарылган нерселер» деп жооп берди.

 

 

 

 

  •  
  •