Коомчулукта “Райым миллион” каймана аты менен таанылган Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынын алынышы түрдүү пикирлерди жаратууда. Бул маселе боюнча “Ата-Журт” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да өз оюн билдирди:

 

- Кайсы бир адамды жумуштан алуу же дайындоо мамлекет жетекчилеринин укук-полномочиесине кирген маселе дечи. Бирок, мына ошол кадр саясатын жүргүзүүдө калыстык орун алып жатабы, тигил же бул адамды дайындоодо анын билими, иш билгичтиги эске алынып жатабы – бул чоң талаштуу суроо. Мындан да чоң маселе – мына ошол кадр калчоо укугу колунда турган мамлекеттик жетекчилер өздөрү ээлеген кызматтарына татыктуубу? Алар кандай башкарып жатат, колунан келеби, элге эмне пайда алып келип жатат? Ошондуктан, бул маселени ойлонордон мурда, мына бул жагдайга да анализ жүргүзүш керек. Райымбек Матраимовду мен жаштайынан бери билем. Ушул күнгө чейин аны жаман деп айткан адамды көрө элекмин. Катардагы инспектордон баштап, мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилик ордуларынын бирине чейин жетти. Демек, касиети, шыгы, иш билгичтиги бар үчүн буга жетишип келатат да. Аны кызматтан алуу туура эмес кадам, керек болсо мындай адамдын тажрыйбасын мамлекет колдонушу керек, Бажы кызматына жетекчи кылып дайындаш керек эле. Мамлекетти өнүктүрүү ушундай элдин арзуусуна татыган адамдардын колунан келет. Албетте, Райымдын жетишкендиктеринен улам аны жаман көргөндөр да жетиштүү. Мына ошолор эле ар кандай ушак кептерди чыгарып жүрсө керек. Чынында ал тууралуу айтылып аткан сөздөрдүн бир дагы далили жок. Бирок, ошол ушакчылардын бири да Райымдын бетине “сен жамансың”- деп айта алышпайт. Ал эми бул кишинин элге жасаган соопчулук иштерине айтсак, тизме жетпейт. Айтор, мындай жигиттер жолдо калбашы керек. Бийликте олтурган адамдар мындай эл уулдарын кор кылбай, баркташы керек. Болбосо, мамлекет өнүкпөйт. Кызматка эл сүйгөн адамдар келиши зарыл. Мына азыр мамлекеттин туш тарабында, облус башчылыгында, министрликте кандай адамдар жүргөнүн билесиздер. Күлкү келерлик көрүнүш. Биздин кейпибиз оор, колунан иш келген адамдарды ушакка таянып тебе берсек, келечегибиз жакшы болбой калат.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №56 (334), 06.12.2017-ж.