Кыргыз-казак мамилесинин ортосу сууганы коңшулаш өлкө бийлиги биздин башчыларды эл аралык аренада жаман көрсөтүүнүн үстүндө катуу иштеп жатат. Анткени, Атамбаевдин билдирүүлөрү бир президенттин тушунда чейрек кылымдан ашуун жашап жаткан казак элин узак уйкудан чыгара салганы жашыруун эмес.

 

Ошонун натыйжасында азыр Казакстанда демократиялык ар кандай күчтөр таасирин элге жайылтууда Атамбаевдин кептерин “рупор” кылып алышты. “Бизге да Кыргызстандын революциялары жайылып кетпесин...”- деген чочулоо андыктан расмий Астанада күч. Казакстандык «Хабар» телеканалы Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиев тууралуу документалдуу тасма тартканы да ушундан болсо керек. Экс-президент Кыргызстандагы 2010-жылдагы окуялар тууралуу кеңири маекте айтып берген. Бул маектен казак эли “революция жаман...”- дегенди акыры түшүнүшү керек экендиги тууралуу ой камтылган.

 

Тасманын анонсунан: “Кандай кийинип турсам ошол бойдон кеттим. Реликвия үчүнбү, же башкабы, билбейм, жада калса менин ич кийимдеримди да тартып алышты. Байпак, трусаларымды да алышты. Идиш-аяктарды айтпай эле коеюн. Мен ишенем, убакыт келет, мен да мекениме кайтам”,- деп Бакиевдин айтканын көрүүгө болот.

 

Документалдуу фильмде Кыргызстандын өткөөл убагынын президенти Роза Отунбаеванын маегинин үзүндүсү да  бар. Анда Роза Отунбаеванын: “Ошол учурда мага Вашингтондон Нурсултан Назарбаев телефон чалды”,- деп айтканын тасманын анонсунан көрүүгө болот.

 

Тасма “Хабар” телеканалында бүгүн, 29-ноябрда саат 21:30да көрсөтүлөт.

 

ххх

Дагы бир бакиевдерге байланыштуу маалыматты мурдагы орусиялык банкир Петр Авендин “Время Березовского” деген жаңы басмаканадан чыгуу алдында турган китебинен алса болот. Китепте “орус саясатынын шайтанын” жакындан билген адамдардын маектери чагылдырылган. Дарья К. аттуу Борис Березовскийдин акыркы сүйүктүү кызынын да айткандары чагылдырылган. Китепте мындай жери бар:

 

“…И потом в апреле я опять решила к нему слетать. Он тогда общался с киргизом, который тоже был в розыске в Интерполе и скрывался, - он ему помогал сделать убежище в Англии.

 

П. А.: - Бакиев? (Максим Бакиев, сын экс-президента Киргизии. - Ред.)

 

Д.: - Да, с ним он тесно общался. Тот, как я понимаю, каких-то телочек постоянно водил. Ну и Боря туда же. Как-то они, видимо, нашли общий язык, кружок по интересам”.

 

Көрсө, биздин эрке-талтаң экс-канзаадабыз учурунда Россиядагы эң таасирдүү, бирок Путин келгенден кийин өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болгон олигарх-саясатчысы менен сайрандап, Лондондо жыргап жүргөн экен. Канчалаган адамдардын каны төгүлгөнүнө кайгыргандын ордуна кыздарды орус олигархына алпарып, “сутенер” да болуп алган тура. Баары түшүнүктүү, буларга кеткен кайран гана сөз...

 

Булак: “Майдан.kg гезити, №55 (333), 29.11.2017-ж