Ушул жылдын 27-ноябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевге телефон чалган.

 

Бул тууралуу Өзбекстандын ТИМи маалымдаган.

 

Маалыматка караганда, Мирзиеев Атамбаевге «Данакер» орденин ыйгарганы үчүн ыраазычылыгын билдирген. Бул ири ийгиликтерге, эки тараптык достук мамиленин бекемделишине өбөлгө болоорун белгилеген.  

 

 Сүйлөшүүдө тараптар Мирзиеевдин Кыргызстанга мындан мурунку болгон иш сапары эки тараптык мамилелердин активдешине кубаттуу импульс болуп бергенин да айтышкан.

 

Эске салсак, Атамбаев бийликтен кетээр алдында «Данакер» орденин  Өзбекстандын президентине ыйгарган.