«Жогорку Нарын Каскады курулат, инвесторлорду табууну өзүм колго алам. Туура кадам жасап атам деп эсептейм. Анын үстүнө кийинки инвесторлорго сабак да болот. Бирөө келди да миллион долларын жоготту. Көп иштер жасалды, бирок дагы көбүн жасоого үлгүрбөдүм», – деди Атамбаев.
Ал жасаган жана жасай албай калган иштери, келечекке пландары тууралуу ойлорун бөлүштү.
Мамлекет башчысы Атамбаев бүгүн «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында маалымат жыйынын өткөрүүдө.
«Кийинки жылы бизде Бүткүл дүйнөлүк алтайлыктардын конгресси өтөтө, дагы ислам боюнча эларалык форум да бар. Мен темир жолдун курулуш иштеринин башталышына жардам берем. Керек болсо өз каражатымды кошом, инвестор да табам. «Камбар Ата1» тууралуу айтсам, Өзбекстан менен биргелешип курабыз», - деди ал.
Ошондой эле Сооронбай Жээнбековго да токтолду:
«Жаңы президент тууралуу айтсам, 22 жылдан бери биргебиз, аны үйрөтүүгө зарылчылдык жок, бирок, кээде жардам берем. Менин чет өлкөлөрдө байланыштарым бар да. Парламент моделине келсем, Германия туура жол менен баратат. Азыр курултайлар өтүп жатат. Бирок, бул жерде шашылуунун кереги жок. Дүйнөнүн өнүккөн 53 мамлекетинин 51и парламенттик башкарууда. Бир гана АКШ анан дагы кайсы бир өлкөлөр дагы деле президенттик башкарууда. Велосипедди ойлоп таппай, герман моделин алуу керек.
Биздин парламент чындыгында, олигархтардын парламенти. «Республика-Ата Журтту» карап көргүлө. Тизмеде башкалар да, парламентке келгендер башкалар. Тизмеден ар башка улуттагы фамилиялар, интеллигенция болчу. А жыйынтыгында кимдер келишти?»- деп суроо салды Атамбаев.
Ал кыргыз элинин канында демократия сиңип калганын белгиледи:
«Биздин каныбыңда көчмөн демократия бар, биз каныбыздан демократтарбыз. Мен дайыма «Ордо» оюнунун өткөрөм, борборунда хан, же султан турат, аны жыгытыш керек. Ошондуктан, башкаруунун парламенттик формасын түзүп, тынч жана татыктуу кетиш керек», - деди ал.
Бийликтен кеткенден кийин пианино үйрнөм деген мындан мурда айткан сөзүн эстеди:
«Пианинодо ойноону үйрөнөмбү… билбейм… Комузда ойноону үйрөнгүм келет. Мени комуздун добушу ыйлаганга чейин жеткирет. Атам ойноочу мени да үйрөткүсү келген. Аракет кылгам, бирок, апам үйгө чарчап келгенде «токтотчу» деп суранчу», - деди мамлекет башчысы балачагын эстеп.
Ал бирок, пианино сатып алганын кошумчалады.