Атамбаев Бабанов тууралуу пикирин билдирди.
Мамлекет башчысы Атамбаев бүгүн «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында маалымат жыйынын өткөрүүдө.
«Акыркы беш жылда биз соттук реформаны адаттагыдан беш эсе көп багыттадык. Бабанов Он-Адыр айылында айтаарын айтты, аны айтууга эч ким мажбурлабады. Ак калпак кийип алып өлкө тууралуу ойлорун айтчу, а чыныгы оюн Он-Адырдагы айтылгандарынан көрдүк».
Ал келечектүү жигит болчу, өз жолу менен эч нерсени даярдабай кете бергенде баары башкача болмок. Исаев кылган иши үчүн отурат. Документтер бар. Ошол күнү, Бабанов акчаны сапырганда, атайын кызматтын полковниги курал сатууга аракеттенгени үчүн кармалды. Бизге ушул керек беле? Же ушундай күндөрдү сагынып калыптырбызбы?
Эгер Бабанов Айдарчик жана Максимчиктер менен байланышпаганда, анда түзүк жигит болуп, алыска кетмек. Жолу менен баса берсе болмок да, башка өлкөнүн президенттеринен бата албай. Башкаларга тизе бүгүп, казак олигархтарына сатылбай жүрө берсе болмок да. Ал өз элине каршы сүйлөгөндө Кудай аны жазалады. Максим Бакиев менен чогуу жүргөндө бактерияларды жугузуп алган окшойт» - деди.