Мамлекет башчысы Атамбаев бийликтен кеткенден кийин бир аз эс алып, анан КСДП партиясын күчтөндүрүү менен алектенет.

 

Мамлекет башчысы Атамбаев бүгүн «Ала Арча» мамлекеттик резиденциясында маалымат жыйынын өткөрүүдө.

 

Атамбаевге: «Сиз парламентти көп сынга аласыз. Олигархтардын парламенти деп атайсыз. Бийликтен кеткенден кийин кадр саясатына аралашасызбы?» - деген суроо берилди.

 

Атамбаев суроого жооп берип жатып парламентте «алысты көрө албаган адамдар отурганын» белгиледи.

 

«Анда алысты көрө албаган адамдар отурушат. Кеп эмне тууралуу болуп жатканын билишпейт. Мисалы, депутаты Жамалдинов жол курууга насыя албай, өз күчүбүз менен курушубуз керек деп жатат. Бул мүмкүн эмес да. Анан дагы ал жакта отурган үч «унчунун» (мукомол) айынан бюджет миллиард сомго зыян тартты жана грант ала албай калды», - деди.

 

Белгилей кетсек, МВФ грант берүүнүн убадалап, талап койгон. Ал талап – унга НДСти кайтаруу эле. Бирок, парламент бул талапка каршы чыккан.

 

«Бирок, ага карабастан парламентти таркатууга каршымын. Кадр саясатына келсек, менин досторум көп, эгер жардам керек болсо, берем. Парламенттик шайлоого КСДПны даярдайм. 1-декабрга алар сьезд өткөрүүнү сунушташты, бирок, мен бир-эки жума эс алып, уктайын деп жатам. Мен партиянын жаңы курамы менен алектенем. Мындан мурда бул маселеге аралашпаган элем», - деп белгиледи мамлекет башчысы.