Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү салтанаты 24-ноябрда болот. Салтанат   "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөрүлөт.

 

Маалым болгондой, ант берүү аземине   чет өлкөлөрдүн жогорку кызматтарын ээлеген  расмий коноктор чакырылбайт.

 

Президенттик шайлоо 15-октябрда болгон. Андан  Сооронбай Жээнбеков 54 пайыздан көп добуш менен жеңишке жеткен.