Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин министри Кайрат Абдраханов Атамбаевдин Казакстан тууралуу айткандарына баа бере албастыгын билдирди. Ошондой болсо да, министр бир белгилүү саясый серепчинин айтканына кошулат. Айтымында, саясий серепчи КРнын кетип бараткан президентинин айткандары саясий жактан жөнсүз жана мамлекет башчысынын деңгээлине туура келбейт деп билдирген.

 

 Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.

 

«Мындан мурда кабыл алынган келишимдердин алкагында КР өкмөтү менен жемиштүү иштешүүгө болмок», - деп белгилеген министр.

 

Ошондой эле министр, кыргыз өкмөт башчысы Астанага барган иш сапарында иштелип чыккан жол картасын колдоого алышына көңүл буруш керектигин айткан.