Активист Мавлян Аскарбековдун айтымында, Кумтөрдөгү мөңгүлөрдүн абалы боюнча жеринен таанышабыз деп тизмеге жазылган 31 депутаттын алтоосу гана барып, 25и оорулуу болуп чыкты.
- Тизмеге жазылган 31 депутаттын алтоосу гана барып, калганын баары оорукчан экен. Бизге оорукчан депутаттардын кереги барбы? Парламенттен кетишип, үйүндө дарыланбайбы. Жогорку Кеңешке потенциалы бар, ден-соолугу чың, акыл-эси ордунда, иштей турган адамдар керек да. Алар оорукчан болсо, мөңгүнү барып көрө алышпаса, ошол жерде иштеген кызматкерлердин ал-акыбалын сурай алышпаса, анда парламентте эмне кылат отуруп? - деди Мавлян Аскарбеков.
Ал кошумчалагандай, убагында кыргыз мамлекетине каршы келишимдерди кабыл алышкан экс-премьер-министрлер Николай Танаев менен Игорь Чудиновдун үй-мүлктөрү конфискацияланып, өздөрү тез арада камакка алынышы керек.
INTER.KG